Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:41

Курманбек Бакиев менен Феликс Кулов биргелешкен билдирүү таратты


БИШКЕК. Ушул эле күнү президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев жана «Арнамыс» партиясынын башчысы Феликс Куловдун президенттик шайлоого байланыштуу коомчулукка биргелешкен кайрылуусу жарыяланды. Кайрылууда учурда кыргыз элине саясий бейпилдик керек экендиги, ал үчүн президенттик шайлоо алдында ар кандай баш аламандыктарды уюштургандарга мыйзам чегинде чечкиндүү чара көрүлө тургандыгы эскертилген. Ошондой эле алар өлкөдөгү бардык чиновниктерге кайрылышып, президенттик шайлоодо эч кандай үгүт иштерин жүргүзбөөгө, мыйзам чегинде өз милдеттерин гана аткарууга үндөштү.

XS
SM
MD
LG