Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:40

Депутаттар саясий куугунтукка учуроодо


БИШКЕК. Мындай билдирүүнү дүйшөмбү күнү депутат Каныбек Иманалиев жасады. Анын айтымында, КТРдин «Замана» студиясы уюштурган түз эфирдин маалында депутат 7-8 жаш уландын коркутуп-үркүтүүсүнө туш болду. Түз эфирге депутат менен бирге вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахам Мадумаров да чакырылган. Опуза депутат өкмөттү түз эфир аркылуу сынга алгандан кийин, танапис маалында болгон. Бул окуяга байланыштуу кийинчерээк эки тараптан сексен чамалаш адамдын ортосунда жаңжал чыгуу коркунучу пайда болду. Депутаттын парламентте болжолдогонуна караганда, өздөрүн элдик кошуундун өкүлдөрүбүз деп эсептеген уландарды мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов жөнөткөн. Бирок бул билдирүүгө байланыштуу ушул эле күнү Дастан Сарыгулов парламент төрагасы Өмүрбек Текебаевдин наамына кат жолдоп, анда депутат Иманалиевдин Сарыгуловго байланыштуу айткан маалыматын четке какты.

XS
SM
MD
LG