Ирандагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өз мөөнөтүндө- 24-июнда болбой калышы ыктымал. Шайлоонун биринчи айлампасында болгон мыйзам бузуулардан улам бийликтер ушундай чарага баруусу мүмкүн.
Жума күнкү шайлоо учурунда Революциячыл гвардия менен ыктыярдуу милиция күчтөрү добуштарды акча төлөп сатып алышканын, айрым бир топтор өз талапкерин мыйзамсыз жолдор менен колдошконун реформачыл маанайдагы талапкер Мехди Карруби өлкөнүн руханий көсөмү Аятолла Али Хаменейиге шайлоонун эртеси күнү жолдогон катында ашкерелеп жазды. Карруби ишемби күнү Борбордук шайлоо комиссиясына чалганда алдыда Рафсанжани жана ал баратканын ырасташканын, анан эле экинчи орунга Тегерандын мэри Махмуд Ахмадинежад чыгып, өзү үчүнчү орунга түшүп калганын билдирди.
Бул катты жарыялаган “Ыкбал”, “Этемад” жана “Афтаб-е Язд” гезиттери Тегерандын прокурорунун чечими боюнча өткөн түнү жабылды. Алардын канча мөөнөткө жабылганы белгисиз.
Шайлоо учурундагы мыйзам бузууларды иликтөө үчүн таасирлүү Сакчылар кеңешинин чечими боюнча Тегеранда 40 үкөк бюллетень, ал эми Кум, Исфахан жана Мешхед шаарларында 20дан үкөк кайра саналат.
Добуштарды саноонун жыйынтыгы коомчулукта да шектенүүлөрдү пайда кылды. Мешхеддик журналист Мохаммед Садек Жавади Хесардын айтышынча:
- Эгерде Тегеранда 2 миллионго жакын адам добуш берсе, бул шайлоочулардын 25 процент чамалуусу болот. 25 процент эл шайлоого катышса, анан кантип 700 миң адам Ахмадиняд үчүн добуш берген болот. Менимче, бул жерде Карруби мырза жазгандай эле бир проблема бар. Бул кадыресе нерсе эмес. Ахмединеяд мырза кадыресе шайлоо жараянына кийлигишпестен туруп, мынча добуш алмак эмес.
Шайлоого чейин Революциячыл гвардиянын мурдакы мүчөсү Ахмединежаддын шансы өтө төмөн экени, мурдакы президент Рафсанжани менен бир жылдары Агартуу министри болуп иштеген Мустафа Муин эң көп добушка ээ болору болжолдонуп жаткан.
Тегеранда жайгашкан Сөз эркиндигин коргоо борборунун өкүлү, таанымал журналист Машалла Шамсолвазин да “Фарда” радиосуна берген интервьюда мыйзам бузуулар текшерилиш керек деди:
- Бардык сурамжылоолор шайлоочулардын 40 проценттен 45 процентке чейинки бөлүгү добуш берээрин көрсөткөн. Биз жыйынтыгында андан 15-20 процент көп эл добуш берүүгө катышканын көрдүк. Бул бюллетендер салынган үкөктөр менен бир нерсе болгонун күбөлөйт. Менин оюмча, Хатаминин өкмөтү акыркы сегиз жылда берген убадаларынын көбүн аткара албаса да, элдин укугу сакталат деген сөзүнүн өйдөсүнө чыгышы абзел.
Мустафа Муин да аскерий күчтөрдү өздөрүнө ылайыктуу талапкерди өткөрүү үчүн саясый уюмдар менен чогуу иштеди деп күнөөлөдү. Рафсанжанинин шайлоо штабында да Ахмединежаддын көп добуш алганы шектүү дешет.
2003-жылы Тегерандын мэри болуп шайлангандан кийин, бир нече маданий борборду намаз окуучу ибадатканага айлантып жиберген Ахмединежад өз жеңишин мыйзамдуу деп санайт:
- Мен үчүн шайлоонун жыйынтыгы күтүүсүз иш болгон жок. Мен ирандыктардын маданиятын билем. Эл менен жакшы мамиле күткөнүмдү да билем.