Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:44

ДЕНЕ ТАРБИЯ - ӨМҮР БУЛАГЫ


Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткени өлкөнүн айылдык жаштары чоң спорттон четте калышкан. Ал эми массалык спорт түрлөрү деле колго алынбай калганын адистер айтып жүрүшкөн. Ошондуктан 21- июнда жаштар арасында массалык спорт түрлөрү: волейбол, футбол, күрөш, ордо жана жеңил атлетикалык жарыштар боюнча “Дене тарбия- өмүр булагы” деген ураан астында таймашуулар башталды.

21-июнда кечинде мелдештин салтанаттуу ачылыш аземи Бишкектеги «Спартак» стадионунда болду. Салтанат жаштардын ыр- бийи, көрсөтмөлүү спорт оюндары жана мелдештин катышуучуларынын парады менен башталды. Мелдештин ачылышында Кыргыз туризм спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Бектур Асанов таймашуулар айыл жаштарын спортко тартуу, сергелең жашоо ыңгайын жайылтуу максатын көздөөрүн айтты.

“Дене тарбия өмүр булагы” аттуу бул мелдешти ачкан мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов мындай деди:

- Эгемендүүлүктүн шарапаты менен улуттук спорт өнүгүп өсө баштады. Кыргыз спортунун башаты- айыл жергесинде. Ошондуктан айылдык жаштардын татыктууларын тандап, чоң спорттун эшигин ачуу зарыл. Кылымдардан бери мурас болуп келаткан элдик оюндарыбыздын өсүп-өнүгүшүнө жакшы шарт түзмөкчү.

Нарын областынын командасын жетектеп келген Имаш Асанов коңшу өлкөлөр мындай мелдештерди эки жылда өткөрүүнү салтка айландырганын айтты:

- Нарындын командасы спорттун 5 түрү боюнча атаандашып жатышат. Жигиттер да табында. Кимдер жеңишке жетишээрин мелдеш көрсөтөт.Биз дагы мурдакыдай байгелүү орундарга жетсек деп үмүт кылып турабыз.

Таластан келген балбан Суранбай уулу Улан айылдык жаштарга шарт түзүп берсе, намыска жарап берчү балбандар арбын чыгаарына токтолду. Жакшы демилгенин деми суубай, мындай мелдешти өткөрүүнү салтка айландырууну Талас облусттук спорт комитетинин төрагасы Шаршенбек Конгантиев да белгиледи.

Негизинен айыл жергесинде дене тарбия, спортту өнүктүрүү учүн атайын мамлекеттик программа кабыл алып, жетекчилерди милдеттендирүүнүн зарылдыгын Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер, Азиянын 2 жолку чемпиону Раатбек Санатбаев айтты.

Алатоонун 7 облусу жана Ош, Бишкек шаарларынын жаштары катышып жаткан футбол, волейбол, күрөш, ордо жана жеңил атлетика таймаштары 24-июнга чейин улантылат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG