Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:01

ИИМ У.Барыктабасовду сотко берди


БИШКЕК. Өлкөнүн ички иштер министрлиги Балыкчы шаардык сотуна доо арыз менен кайрылып, «Мекеним Кыргызстан» кыймылынын лидери Урмат Барыктабасовдон министрликтин пайдасына 24 миллион 403 миң сом өндүрүп берүүнү өтүндү. Арызда Урмат Барыктабасов 17-июнда уюштурган башаламандыктан министрлик материалдык чыгымга учурагандыгы кабарланган.

"17-июндагы башаламандыктан 50 милиция кызматкери жабырланып, 20-июнга чейин борбордо 3 миңден ашуун милиция кызматкери күнү-түнү коомдук тарипти камсыз кылып турду. Аларды күйүүчү май, тамак-аш, медициналык жардам менен камсыздоодо министрлик чоң материалдык зыян тартты. Мына ошол зыянды Баркытабасовдон өндүрүп берүүнү сурайбыз", - деп жазылган сотко берилген арызда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

XS
SM
MD
LG