Экинчи турга экс-президент Акбар Хашеми Рафсанжани менен Тегерандын шаар башчысы Махмуд Ахмадинежад чыкты. Алардын кандидатураларын жана шайлоонун натыйжаларын көзөмөл кеңеши бекитти. Үчүнчү орунду алган Мехди Карруби добуштар бурмаланды деп арызданган эле, көзөмөл кеңеш бул дооматты четке какты. Ички иштер министрлиги шайлоо адилет өтпөй калышы мүмкүн экенин эскертти. Бийликтер ошондой эле эки гезитти убактылуу жапты.