Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:06

Жерге муктаждарга дагы жер бөлүндү


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү турак-жай курууга муктаж атуулдарга Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Пригородное айыл өкмөтүнүн айыл чарба фондусуна караштуу 150 гектар жерди берүү жөнүндө токтом кабыл алды. Анын 100 гектары Бишкек мэриясынын карамагына, 50 гектары Пригородное айыл өкмөтүнө берилди. Ал эми буга чейин бөлүнгөн жерден мыйзамдуу түрдө жер ала албай жүргөн атуулдар арбын болгон менен жер алып, аны кайра сатып жаткандар да жок эмес.

Ал тууралуу 23-июнда «Азаттык» радиосуна кайрылган Бишкектин Биринчи Май районунун тургуну, №49 орто мектептин мугалими Эртабылды Аттокуров мына буларды билдирди:

- Биз башка эл сыяктуу окуучуларды таштап, жер басып алууга мүмкүнчүлүгүбүз жок. Натыйжада, мыйзам чегинде жер алууга аракет кылдык. Бирок документтерибиздин баары так болгондугуна карабастан кезегибиз кандай жана качан алаарыбызды биле албай койдук. Шаарда үйү, жери бар адамдардын көбү жер алып туруп, аны кайра бизге окшогондорго 18 миңден сатабыз деп жатышат. Муну бийлик өкүлдөрү, айрыкча, акимиаттын жер маселесин чечүүчү адамдар ишке ашырып жатат. Мугалимдердин айтымында, 100-150 доллар берсек жерди ала алат экенбиз.

XS
SM
MD
LG