Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:52

Кеңешбек Дүйшөбаев 17-июндагы окуяга баа берди


БИШКЕК. 23-июнда Кыргызстандын президенттигине талапкер Кеңешбек Дүйшөбаев маалымат жыйынынын өткөрүп, анда «17-июнда өкмөт үйүн басып алууну аракет кылган күчтөрдү уюштурган эмесмин, мындай маалыматтар президенттикке талапкер катары кабыр-баркымды түшүрүү үчүн атайын таратылып жатат»,-деп билдирди. Анын айтымында, 17-июндагы окуя боюнча бийликти басып алуу аракети болду деп кылмыш ишин ачуулардын логикасы жок, эгер укуктук жактан чындап баа бериле турган болсо, анда 24-марттагы окуяны бийликти басып алуу деп бааласа болот. Андан тышкары Жусуп Иманалиевдин март ыңкылабынан кийин өкмөт үйүнө кирип, жактоочуларынын эмне себептен бийликти басып алууга аракет кылды деп жазага тартылбай жаткандыгына кызыгып, негизсиз жерден айыптоолор менен куугунтуктоолорго жол бербей тургандыгын жарыя кылды.

XS
SM
MD
LG