Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:30

Бозгундардын 29у Өзбек бийлигине өткөрүлүп берилет


БИШКЕК. Анжиян окуясынан кийин Кыргызстанга качып келген өзбекстандык атуулдардын ичинен 29 жарандын мурда кылмышкер деп сот жообуна тартылгандыгы далилденди жана алар жакын арада Өзбекстан бийлигине өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу Башкы прокурор Азимбек Бекназаров «Азаттыктын» кабарчысына берген интервьюсунда билдирди. Анын айтымында, буга чейин Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Кыргызстандын Башкы прокуратурасына качкындардын арасында мурда кылмыш жасап, түрмөдө отурушкан 64 адамды өткөрүп берүүнү өтүнүп кат жолдогон. Азимбек Бекназаровдун айтымында, Кыргыз бийлиги эл аралык келишимдерге ылайык кылмыш жасап, түрмөгө камалып, Кыргызстандын аймагына качып келген атуулдарды кайсыл өлкөдөн качып келсе ошол өлкөгө өткөрүп берүүгө милдеттүү.

XS
SM
MD
LG