Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

ТАШКЕНТ АНЖИЯН ОКУЯСЫ ТУУРАЛУУ АЛГАЧКЫ МААЛЫМАТТАРДЫ БЕРЕ БАШТАДЫ


Замира Кожобаева, Прага Май айындагы Анжиян окуяларына изилдөө жүргүзгөн Өзбек парламентинин комиссиясы коогалаң өлкөдөн тыш жерде пландаштырылган жана Ислам Каримовдун бийлигин төңкөрүүгө багытталган деген тыянагын чыгарды. Бул эл аралык уюмдар Ташкенттен Анжиян коогалаңына көз карандысыз иликтөө жүргүзүүнү талып кылып жаткан мезгилде айтылды. Ошондой эле бул билдирүү Анжияндыктар 13-майда курман болгондордун кырк күндүк азасын тутуп жатышкан күнү айтылды.

Кыркылык: Анжиян коогалаңында окко учкандарды эскерүү...

Курандын өлгөн адамдарга багышталып окулчу сүрөөсү шейшемби күнү Анжиян шаарынын бардык көчөлөрүнөн угулуп турду. Бул күн канча киши өлгөнү эмдигиче аныктала элек “Кандуу жуманын” курмандыктарынын 40 күндүгүн белгилөө күнү болду.

Күбөлөр курман болгон козголоңчулардын жакындары ыйын акырын чыгарып ыйлап, ачык аза күтө албагандыгын айтышты. Ал эми окко учкан аскерлер менен полиция кызматкерлеринин ата-энелери өздөрүнүн кайгысын ачык эле билдирип, журналисттер менен сүйлөшүүдөн да качышкан жок.

“Ассошиейтед –пресс” агенттигинин кабарчысы 30 жаштагы уулу 13-майдагы козголоңдо набыт болгон Адил Хашимов менен сүйлөшкөндө, ал уулу элди жана өлкөнү ислам радикалдарынан коргоп жатып өлгөндүгүн айткан.

Ал эми Ташкентте адам укугунун активисттери Анжиян коогалаңында каза болгондорду эскерүү ырымын “Эрдик” эстелигине гүл коюу менен жасашты. Алар колдоруна “Анжиян кулундары, биз силерди унутпайбыз”, “Каримов кылганы үчүн сотто жооп берет” жана “Анжияндык энелер, сиздердин кайгыңарды тең бөлүшөбүз” деген жазуулары бар плакаттарды кармап турушту. Бирок полиция алардын айрымдарын камакка алып, калгандарын тез эле кууп таратты.

Укук коргоочу Ташбулат Юлдошев алардын арасында болгон:

-Саат күндүзгү 11 лерде өлгөндөрдү эскерүү үчүн “Эрдик” эстелигинин жанына келип, машинадан түшүп жатканда эле, үч эркек киши келишти да: “сиз биз менен барасыз” деп мени фургон автомашинасына күч менен салып, камап коюшту.

Ташбулат Юлдошев бир нече сааттан кийин бошотулган. Ал эми дагы бир укук коргоочу Сурат Икрамов милиция аны РИИБиде эки саат жөн эле кармап турушкандыгын “Азаттыкка” билдирген:

-Биз аялым экөөбүз эстеликке гүл коюп келе жатканбыз. Менин үйүмүдүн алдында полиция кызматкерлери турушуптур. Алар мени РИИБ жетекчиси чакырып жаткандыгын айтып, алып кетишти да ал жерде эки саат кармашты.

Бирок Юлдашевге да, Икрамовго да эч кандай айып тагылган эмес.

Парламент комиссиясынын бүтүмү: күнөөлүүлөр ким?..

Анжиян коогалаңында курман болгондордун 40 күндүгүнө тушташ өзбек парламентинен Анжиян окуясын изилдөө үчүн түзүлгөн комиссия алгачкы тыянагын чыгарды. Беш кишиден турган комиссиянын жетекчиси Мухаммадилхон Юлдашев Анжиян окуясын “тополоң” деп атап, бул иш Өзбекстандан сырт жакта мурдатан ойлонуштурулган жана анын уюштуруучуларынын максаты өкмөттү кулатып, бийликти ээлеп алуу болгондугун билдирди.

“Куралдуу аракеттер алдын-ала жакшылап ойлонуштурулган. Алардын максаты облустагы бийликти алууга жана Өзбекстандагы жана Борбордук Азиядагы тынчтыкты бузууга багытталган. Ошондой эле алар сырттан колдоо алып турушкан» деп комиссия акыркы бүтүмүн шейшемби күнкү билдирүүсүндө чыгарды. Бирок комиссия буга байланыштуу эч кандай далилдерди көрсөткөн эмес.

Көз карандысыз иликтөө жүргүзүлөрү күмөн

Өзбек бийлиги эмдигиче Анжиян окуяларына көз карандысыз иликтөө жүргүзүү тууралуу эл аралык уюмдардын жана АКШ нын талабына макулдугун бербей келатат.

Ал эми эл аралык Кызыл чырым коому жарадарларга жана башка жабырлангандарга жардам көрсөтүү тууралуу өзбек бийлиги менен жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөр азырынча ийгиликсиз экендигин уюмдун жетекчиси Рафаэлло Мюллер билдирди:

-Биз облуска кирүүгө мүмкүнчүлүк алганыбыз менен жарадарларга жетпей атабыз. Жарадарларга жетүү үчүн дагы деле бийлик менен сүйлөшүп жатабыз.

Ал эми БУУнун адам укугу коргоо боюнча Жогорку комиссариатынын тобу 15-июндан бери Анжиян окуяларын изилдөө максатында Кыргызстандагы өзбек качкындары менен сүйлөшүп жүрүшөт. Бирок аларга да Анжиянга кирүүгө уруксат берилген эмес.

XS
SM
MD
LG