Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Нью-Йорктогу биржада мунайдын бир баррелинин баасы 60 долларга жетти


Нью-Йорк биржасындагы кечээги соодада август айы үчүн контракттар түзүлгөн учурда кара майдын бир баррелинин баасы 60,06 долларга чейин көтөрүлүп, кайра соода аяктаган кезде 59,42 долларга түштү. Бул баа апта башындагы рекорддук көрсөткүчтөн да ашты дегенди туюндурат. Анда мунай экспортчулардын бири Нигериядагы коопсуздукка байланышкан маселелерден жана мунайга болгон суроо- талап канааттандырылбай калабы деген кооптонуулардан улам нарк 59,70 долларга чыккан эле. Адистердин айтымында, баанын жогорулашына АКШнын мунай тазалоочу айрым заводдорундагы проблемалардын да таасири тийиши ыктымал.

Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Улан Эшматов даярдады.

XS
SM
MD
LG