Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:52

Курултай элдик ыңкылапты коргоо маселесин көтөрдү


БИШКЕК. 24-июнда элдик ыңкылапты коргоо кыймылынын курултайы өттү. Анда 24-марттагы элдик ыңкылапты коргоо, Жаңы Конституцияга Элдик курултай структурасын киргизүү, президенттик шайлоону адилет өткөрүү маселелери талкууланды. Негизги баяндаманы Кыргызстан элдик кыймылынын саясий кеңешинин мүчөсү, «Эркиндик» саясий партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев жасады. Жарыш сөзгө чыккандар Конституциялык кеңешмеге, Борбордук шайлоо комиссиясына ишеним көрсөтпөө өңдүү маселелерди көтөрүштү. Ал эми 17-июндагы окуя экс-президент Аскар Акаев баштаган мурдагы бийликтин тарапкерлери азыркы бийликтин ишине тоскоол кылуу максатында атайын жасалган аракет катары бааланды.

XS
SM
MD
LG