Кабул. Ооганстан менен Пакистандын расмий өкүлдөрү бул өлкөлөрдүн аймактарында террорчулардын лагерлеринде жоочулар машыктырылып, андан соң алар Борбордук Азияга жөнөтүлүүдө деген расмий Маскөөнүн доосун четке кагышты. Ооган тышкы иштер министринин басма сөз катчысы Навид Муиз жана анын пакистандык кесиптеши Жалил Аббас Жилани бүгүн билдирүү жарыялап, өз өкмөттөрү террорчуларга каршы өнөктүктү жигердүү жүргүзүп жатат деп айтышты. Кечээ Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Өзбекстан исламдык кыймылынын жана мурдагы талиптердин калган-каткандары Пакистан менен Ооганстанда машыгуудан өткөрүлүп жатканын, алардын мүдөөсү – Борбордук Азияга жана Орусияга террордук чабуул жасоо экендигин билдирген.