ӨСПҮРҮМ КЫЗ КҮЙӨӨСҮ МЕНЕН АЖЫРАШТЫ
Индиядагы кыштактардын биринде жашаган 14 жаштагы Ченигал Сулилага айыл аксакалдары күйөөсү менен ажырашууга уруксат беришти. Ченигалды эки жыл илгери ата-энеси 15 жашар өспүрүмгө күйөөгө беришкен эле. Быйыл жылдын башында кыз полицияга кайрылып, күйөөсү ага жаман мамиле жасайт деп даттанган.
Айыл акскалдары алгач ажырашууга каршы чыгышты. Эскиден калган салтка ылайык, жубайлар, жашы жете элек болсо да, ажыраша алышпайт. Бирок Ченигал моюн сунбай, өзүм өзүмдү өлтүрөм деп, ата-энесин коркуткан. Июндун башында айыл аксакалдары түгөйдү, алардын ата-энелерин чогултуп алып, жагдайды талкуулап, ажырашууга макулдугун беришти.
Тараптар атайын кагазга кол коюшту. Бала кыздын себине берилген буюм-тайымдарды, алтын-күмүштөрдү кайтарып берүүгө милдеттендирилди. Андан кийин документти полиция күбөлөндүрдү.
Ченигалга бейөкмөт уюму жардам берди. Эми алар кызды мектепке орноштуруп, окутмакчы.
ЖАПОНДУК СПОРТСМЕН ЧОҢАТА
95 жаштагы жапон карыя 95-99 жаштагы спортсмендер арасында 100 метрге чуркоодо рекорд койду. Атап айтканда, Кодзо Харагути 100 метрлик аралыкты 22,04 секундада чуркап өтүп, буга чейинки рекордду 2 секундага жакшыртты.
“Жаан себелеп жаткандыктан, чуркап баратып жыгылып кетпесем экен деп эле ойлоп жаттым”, - дейт Харагути. Буга чейин да ал бир жолу рекорд койгон.
“Мен күнүнө бир сааттан жөө жүрөм”, - деп бөлүшөт ийгилигинин сыры менен карыя.
САДДАМ ХУСЕЙНДИН ТУРМУШУНАН БИР ҮЗҮМ
Саддам Хусейн азыркыга чейин өзүн Ирактын президенти деп эсептейт. Кийимин болсо өзү жууйт.
Бул жөнүндө экс диктаторду абакта кайтарып келген америкалык эки аскер “Жи-кью” деген журналдын кабарчысына баяндап беришти.
О Шей деген жоокер Саддамдын камерасында керебет, үстөл, кол арчыгыч, унитаз, бир нече китеп жана намаз үчүн чакан килем бар деп сүрөттөйт. О Шей Саддамдын тазалыкты сактаганын өзгөчө белгилейт. Тамак ичкен сайын ал идишин жууп, тазалап турат, - дейт аскер.
Экс-президент кээде ага кеңеш да берип турчу экен. Маселен, жакшы аялды кантип табыш керек, ага кандай мамиле жасаш керек.
АКШнын мурдагы президенти Роналд Рейган каза болду деген кабарды уккандан кийин Саддам көпкө унчукпай турду, - дейт О Шей.
Ал эми Жорж Буш жана анын атасы жөнүндө Хусейн албетте жылуу сөз айта албайт. Бирок Кошмо Штаттардын азыркы мамлекет башчысы менен жолугушуп, элдешүүгө даяр экенин айтат.
ИТАЛИЯЛЫК КАРЫЯНЫН ЖОРУГУ
Караар кишиси жок, жалгыздыктан жадаган 80 жаштагы италиялык аксакалдын аны багып алууга даяр үй-бүлөөнү издегенин биз да былтыр айтып берген элек. Көптөрүнүн боорун ачыткан окуянын чоо жайын эсиңиздерге сала кетейин. Жоржио Анжелотти мурда мугалим болуп иштегенин, аялы өлгөндөн бери жалгыз калганын баяндап, бирөөлөр аны чоң-ата кылып багып алса жакшы болоор эле деп гезитке жарыя берген эле. Ага Италиянын гана эмес дүйнөнүн булуң бурчунан көптөгөн сунуштар түшкөн.
Өткөн сентябрда Анжелотти Италиянын Бергамо шаарында жашаган Рива үй-бүлөөсүн тандап алган.
Майда болсо абышка Римге барам деп, Бергамодон кетип калган. Иш жүзүндө ал кошуна райондогу бир үйдөн акча уурдап алып, тиш доктурга төлөгөн.
Рива үй-бүлөөсү “биз эч нерсе билген эмеспиз, аны нормалдуу киши деп эсептечүбүз” дешет.
Жакында карыяны Миландын жанындагы карылар үйүндө табышты. Ал азыр полицияга сурак берип жатат.