Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:48

А. Акаев шайлоого чейин Кыргызстанга келбейт


БИШКЕК. Экс-президент Аскар Акаев Кыргызстандагы президенттик шайлоого чейин өлкөгө келбейт. Ал шайлоо өнөктүгү аяктап, коомдук-саясий туруктуулук орногондон кийин гана Мекенине келет. Бул тууралуу 25-июнда Акаевдин адвокаты Акин Токталиев «Азаттыкка» билдирди. Мындай билдирүүнү «Кыргызинфо» маалымат агенттиги жазып чыккандай, Акаевдин москвалык адвокаты Максим Максимович да 24-июнда «Известия» гезитинин медиа-борборунда жасаган. Ал Аскар Акаев саясий кырдаал турукташкандан кийин Кыргызстанга келээри жана өзүнүн илимий ишмердүүлүгүн уланта тургандыгы жөнүндө айткан. Ал эми 17-июндагы Бишкектеги окуяга байланыштуу Максим Максимович Кыргызстанда бийликке келүүгө умтулган, алдыдагы президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратууга аракеттенген үчүнчү күч бар экендигинин ыктымалдыгы тууралуу пикирин билдирген.

XS
SM
MD
LG