Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:16

Аба ырайы


БИШКЕК. Аба ырайын алдын ала маалымдоо борборунан алынган маалыматка караганда, 27-июнда Кыргызстандын айрым аймактарында кыска мөөнөттө жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт. Ал эми Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15...+20, күндүз +26...+31 градус ысык.
Талас жергесинде түнкүсүн +13...+18, күндүз +25...+30 градус.
Жалалабат, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +16...+21, күндүз +31...+36 градус ысык болот.
Ысыккөл ойдуңунда түнкүсүн +9...+14, күндүз +21...+26 градус жылуу.
Нарында түнкүсүн +7...+12, күндүз +24...+29 градус.
Бишкек шаарында күн бүркөлүп ачылып турат. Жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +17...+19, күндүз +29...+31 градус.

Жекшембилик кабарларды Азиза Турдуева жана облустардагы кабарчылар даярдашты

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG