Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:34

КАЗАНДЫК АЯЛ ДЕМИЛГЕЛҮҮ ТУРМУШКА ЧАКЫРАТ


Замира Кожобаева, Прага Казан шаарынын тургуну Зулфия Масхадова өз турмушунда чукул өзгөрүүнү башынан кечирди. Ал мусулман аялдары үчүн кийим сатчу дүкөн ачкан. Дүкөндүн ачылганына жарым жыл боло элек болсо да, кардарлары көбөйүп, иши алгылыктуу жүрө баштады.

Күнгө ишемби болгондуктан дүкөндө киши көп. Кардарлар улам бир көйнөктү кармап көрүп, жактырганын алып кетип жатышат. Алар дүкөндөн чыгып баратып, сатуучуларга ыраазылыгын билдиришүүдө.

Бул дүкөндө мусулман аялдары үчүн атайын этек-жеңи узун көйнөктөр сатылат. Дүкөн ээлеринин бири Зулфия Махсутова жаңы келип түшкөн кийимдерди кардарларга ырахаттануу менен көрсөтүп, алардын артыкчылыктары тууралуу айтып жатты. Жарым жыл мурун ал мындай дүкөнү болот деп ойлогон да эмес. Бирок ал өзүнө жаккан жолду тандап алды жана ошону менен анын турмушу да өзгөрдү. Зулфия өзүнүн мурунку жашоосу тууралуу мындайча эскерет:

-Мен мурда бүджеттен айлык алган мекемеде иштечүмүн. Маянам аябай аз болчу. Өмүрүм өткөнчө ушундай эмгек акы үчүн иштейминби деген ой тынчымды ала берер эле.

Зулфия андан ары баары кантип өзгөргөнү жөнүндө айтып, сөзүн улады:

- Мындан башка да мени кыйнаган факторлор бар болчу. Мени менен бала чактан эгиздей ээрчишип, чогуу өскөн эжем алыста жашап калды. Аны сагындым. Бирок ички дүйнөмдөгү боштукту толтуруу үчүн турмушка жаңыча карай баштадым. Эми болсо бул жердемин. “Эмне жасасаң да, баары жакшылыкка” деген жакшы бир сөз бар эмеспи.

Казанда мусулман кыз-келиндери жоолук салынып, шариатка ылайык этек-жеңи узун көйнөктөрдү 1995-жылдардан тарта кийе башташкан. Бирок мындай кийим саткан дүкөндөр шаарда дээрлик жок эле. Кыз-келиндер өздөрүнө ылайыктуу кийимдерди издеп кыйналышчу. Ал эми аялдардын кийимдери сатылган башка дүкөндөрдүн ээлери көбүнчө эркектер болчу. Зульфия аял кардардын керектөөсүн жакшы түшүнгөн инсан катары мусулман кыз-келиндери кийүүчү кийим сатылуучу дүкөн ачууну туура тапты.

-Кыздар 1995-жылдан тартып жоолук салына башташты. Айрым аялдар мурдагыдай башкача кийинүүнү самашты. Мен ислам дининин талаптарына ылайык кийинишкен кыз-келиндердин өздөрүнө ылайыктуу кийим издеп кыйналышканын көрчүмүн. Өзүм да мусулман аялдарынын кийимдерин жана башка буюмдарын сатып алууга мүмкүн болгон дүкөн болсо деп кыялданчумун. Биз мындай дүкөндүн болушун көп самаганбыз. Акырында ишти өзүбүз колубузга алдык. Биз дегенибиз мен жана менин шеригим—Гүлназ. Мен ага дүкөн тууралуу оюмду айтканда ал мени дароо колдоду.

Бирок иш баштоо оңойго турган жок. Зулфия өзүнүн оюн ишке ашыруу үчүн көп кыйынчылыктарга туш болгондугун, дүкөн үчүн орун издеп, Казанды эки ай кыдыргандыгын айтты. Бирок кийинчерээк Зулфия дүкөндүн турган орду эң башкы маселе эмес экендигине көзү жеткендигин, болгону буга чейин өз алдынча иш баштап көрбөгөндүктөн улам, тажрыйбасыздыктан улам бир кыйлага чейин кыйналганын айтты:

-Маселе биздин тажрыйбасыздыгыбыздан улам болду. Эми мен баарын билем. Дүкөн үчүн шаардан ылайыктуу орун издөөнүн өзү да акылсыздык экенин азыр түшүнүп отурам. Эң биринчи эле кыйынчылыктар тууралуу ойлогон адам эч качан иш баштай албайт. Эгерде ошол убакта мени кандай кыйынчылыктар күтүп турганын билсем, мен да ишимди баштай алмак эмесмин. Эми болсо мен мындай кыйынчылыкты жеңгем, башкасын да жеңе алам деген ой менен жашап калдым.

Эми анын алдында дагы бир максат—мусулман аялдар үчүн кийим сатылуучу дүкөндү чоңураак бизнеске айландыруу. Алар шериги экөө дагы бир соода түйүнүн ачууну көздөп жатышат. Зулфия турмушун өзгөртүү максатында жасаган кадамы үчүн эч качан өкүнбөй тургандыгын көзүндөгү кубаныч менен билдирди.

Ал башкаларга да эч коркпостон алга кадам таштай берүү тууралуу кеңеш берди:

-Эгер сиз турмушуңузду өзгөртүүнү кааласаңыз коркпоңуз. Көзүңүздү жумуп туруп, кадам таштай бериңиз.

XS
SM
MD
LG