Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:47

Жаңы саясий партия түзүлдү


БИШКЕК. Кыргызстанда «Кыргыз кылымы» аттуу саясий партия түзүлдү. Бул тууралуу партиянын уюштуруучулардын бири Жолдошбек Орозов маалымды. Анын айтымында, партиянын уюштуруу жыйынында төрагасы болуп Батыр Төлөбеков шайланды. Ошондой эле аталган партия 2-июлда «Бишкекте 21-кылымдагы Кыргызстандын тагдыры» деген илимий конференция өткөрүүгө камданууда. Бейрасмий маалыматтар боюнча, учурда Юстиция министрлигинен кырктан ашуун саясий партия каттоодон өтүшкөн. Конституциялык кеңешме иштеп чыккан Баш мыйзамдын долбооруна ылайык Жогорку Кеңеш 105 депутаттан турат жана 35 депутат партиялык тизме менен шайланышат.

XS
SM
MD
LG