Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:50

Эмгек мигранттары кош атуулдукту Конституцияга киргизүүнү каалашат


БИШКЕК. Казакстанда жана Орусияда иштеп жүргөн эмгек мигранттарынын 20-25 миңи президенттик шайлоо күнү добуш берери болжолдонуп жатат. Бул тууралуу 27-июнда Кыргыз диаспораларынын «Замандаш» ассоциациясынын өкүлдөрү билдиришти. Маалыматка караганда, добуш берүүгө укугу бар атуулдардын тизмесин топтоо уланууда. Аны уюштуруу иштерин толугу менен диаспоралар өздөрүнө алышты. Учурда алардын саны 17 850 болду. Диаспора жетекчилери маалымат жыйынын 24-25-июнда өткөн «Чет өлкөлүк атуулдардын Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүшүндөгү ролу жана мааниси» аттуу конференциясынын жыйынтыгы боюнча беришти. Конференцияда белгиленгенге караганда, азыр кыргыз диаспоралары кабылып жаткан башкы проблема - кош атуулдук. Буга байланыштуу «Замандаш» Конституциянын жаңы долбооруна кош атуулдук институтун киргизүүнү сунуш кылды.

XS
SM
MD
LG