Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:34

УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТ САЛЫК САЯСАТЫН ӨЗГӨРТҮҮГӨ ДАЯРДАНУУДА


27-июнда жаңы Салык кодексин иштеп чыгуу боюнча өкмөттүк комиссиянын алгачкы жыйыны болду. Анда маалым болгондой, жаңы кодекстин долбоору 1-сентябрда Жогорку Кеңештин кароосуна коюлуп, 2006-жылдан баштап өлкө мына ошол кодекс менен жашай башташ керек.

Жаңы Салык кодексин иштеп чыгуу боюнча өкмөттүк комиссия президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин жардыгы менен түзүлүп, анын төрагалыгына вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов дайындалган. Комиссия курамында тийиштүү министрлер, эксперттер, Жогорку Кеңештин депутаттары бар.

Жаңы Кодекстин негизги багыттары тууралуу Данияр Үсөнов буларды билдирди:

- Айыл чарбада бир эле салык- жер салыгы болот. Кичи ишкерлик патенттик системага өткөрсөк бир эле ошону төлөйт болду. Үчүнчүдөн, чоң ишканалар келишим негизинде салык төлөйт. Келишимде көрсөтүлгөн сумманы төлөдүбү, ага эч ким текшерүүгө барбайт.

Үсөновдун айтымында, киреше салыгын 10 пайыз, НДС же кошумча нарк салыгын 16 пайызга чейин төмөндөтүү, ал эми базар экономикасына каршы келет деп эсептелген өзгөчө кырдаалдар жана жол салыгын алып салуу, алардын ордуна мүлк жана керектөө салыгын киргизүү караштырылууда.

Салык тармагына мындай өзгөрүүлөрдү киргизүү алдында турукташтыруу фондун түзүү зарыл деген оюн каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров билдирди:

- Менчиктештирүү жана пландагыдан жогору түшүп жаткан каражаттардын негизинде 3 миллиард сомдон турган турукташтыруу фонддун түзүүбүз керек. Ал салык тармагында реформаларды өткөрүүгө кепилдик берет. Анткени салыктарды төмөндөтүү менен бюджеттин киреше бөлүгү кыскарса, анын ордун толтуруунун реалдуу булагы болуш керек. Андан сырткары күч структараларынын чарбалык-экономикалык иштерге кийлигишүүсүн токтотуу тууралуу жаңы президент жардык чыгарса туура болот. Ансыз бизде ишкерлик өнүкпөйт. Бул жол менен Грузия президенти Саакашвили кетти, ушундай эле жолго Тажикстан жетекчилиги да барууда.

Комиссия мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов күч структураларын чарба-экономикалык иштерден четтетүү маселеси 1997-жылы көтөрүлүп, бирок ал ишке ашпай калганын белгиледи. Азыркы бийликте аны ишке ашырууга саясий эрк болсо, анда тездетүүгө даяр экенин Байболов Данияр Үсөновго билдирди:

- Эгерде силерде бул маселени чечүү тууралуу саясий бүтүм болсо, анда аны чечүүнүн мурда аныкталган жолдору бар. Даяр варианттар бар. Мен аны сунуштап, киргизүүгө даярмын. Мурда биз Салык полициясы гана экономикалык иштерге кийлигишүүгө укуктуу болсун деп ойлогон элек. Бирок мурунку бийликтин жетекчилерин бардык күч структуралары «жемдүү» иштер менен шугулданыш керек деп ынандырып коюшкан.

Жаңы салык кодексин иштеп чыгуу боюнча комиссия ушул жумада кайрадан чогулуп, эми ар бир багыттар боюнча эксперттик топтору түзүп иштемекчи.

Кыргызстан менен Эл аралык валюта корунун ортосунда элдик ыңкылапка чейин келишим түзүлгөн. Ага ылайык өкмөт 30-июнга чейин азыркы салык кодексине өзгөртүү жана кошумчаларды киргизүүсү керек. Аны аткаруу үчүн 30-июнда долбоор парламентке сунушталмакчы. Бирок анын жаңы салык кодекси менен эч кандай байланышы жок. Данияр Үсөновдун айтымында, бул таза формалдуу иш.

Дагы бир белгилей кете турган нерсе, өкмөт салык тармагында реформа менен катар, капиталды легалдаштыруу, эски карыздарды кечүү, капиталга мунапыс жарыялоо жана банк тармагында депозиттерге кепилдик берүү тууралуу мыйзам долбоорлорун да парламенттин күзгү сессиясына даярдап киргизүүгө белсенүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG