Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ АЙДАР АКАЕВГЕ КЫЛМЫШ ИШИН КОЗГООНУ КИЙИНКИГЕ КАЛТЫРУУДА


Бакыт Аманбаев, Бишкек Башкы прокурор Азимбек Бекназаров өткөн аптада Жогорку Кеңешке кайрылып, жайкы эс алууга кеткичекти депутат Айдар Акаевге кылмыш ишин козгоп, аны жоопко тартууга уруксат берүү маселесин карап берүүнү өтүнгөн. Жогорку Кеңеш бул маселени регламентке таянуу менен кийинкиге жылдырууда. Депутаттардын мындай аракети айрым саясатчылар тарабынан Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнө жан тартуу катары бааланууда.

Башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун Жогорку Кеңешке берген маалыматына караганда, депутат Айдар Акаевге Кылмыш кодексине ылайык, опузалап бирөөлөрдүн мүлкүн тартып алуу, кызмат абалынан пайдаланып мыйзамсыз менчиктештерүү иштерин жасаган жана мыйзамсыз келишимдерди түзүүгө мажбурлоо деген айыптар менен төрт башка кылмыш иши козголду. Ошондой эле Азимбек Бекназаров депутат Айдар Акаев кол тийбестик укугунан пайдаланып, тергөө ишине тоскоол болуп жаткандыгын маалымдап, депутаттардан Айдар Акаевдин маселесин тез аранын ичинде карап берүүнү өтүнгөн:

-Урматтуу депутаттар! жайкы эс алууга чейин ушуну чечип бериңиздер. Анткени Айдар жана анын достору тергөө аракеттерине ушунчалык тоскоол болушууда. Менин сиздерге өтүнүчүм ушул.

Башкы прокурордун жогорудагыдай сунушунан соң үч депутат дароо эле аталган маселени күн тартибине киргизип, комиссия түзүүнү сунушташты. Алардын сунушу негедир жоопсуз калды. Андан бери Жогорку Кеңеште маселени иликтөө боюнча комиссия деле түзүлгөн жок, тескерисинче депутаттар бул маселени кароону күзгө жылдышы күтүлүүдө.

Бул тууралуу төрага Өмүрбек Текебаевге кайрылганыбызда ал бизге депутаттык комиссия түзүлө электигин тастыктады:

- Бул маселе адегенде комитетте каралып, комиссия түзүлөт. Ал эми комиссия бир айдын ичинде бул маселени карап, прокурордун сунушу туурабы же туура эмеспи ошону иликтейт. Андан соң гана маселе каралат.

Ал эми Конституциялык соттун судьясы Марат Кайыповдун пикиринде, депутаттардын бул маселе боюнча комиссия түзөбүз дегенинин өзү туура эмес:

- Жогорку Кеңеш тергөөнүн үстүнө тергөө жүргүзөм дегени туура эмес. Муну Башкы прокурорго ишенбөөчүлүк катары бааласа болот. Анда Башкы прокурордун кереги жок болуп калат. Менимче депутаттар бул маселени тез аранын ичинде карашы керек. Эгерде Башкы прокурордун жүйөөлөрүнө ишенбесе, макулдук бербей коюшу керек. Болбосо кайсыл депутат болбосун аны мандатынан ажыратыш керек.

Ошол эле мезгилде айрым депутаттар Айдар Акаевдин маселесин кароонун кечиктирилишин башчкача түшүндүрүшөт. Бул тууралуу депутат Исхак Масалиев мындай пикирде :

- Менимче, палатанын ичинде бир топ күчтөр Аскар Акаевдин үй-бүлө мүчөлөрүн жоопко тартууга каршы болушууда. Ошон үчүн бул маселени биз карай албай калдык.

Ошондой эле Исках Масалиев жайкы эс алууга чейин бул маселени кароону дагы бир жолу көтөрө тургандыгын эскертти. Айтор депутаттардын арасында Айдар Акаевди депутаттык кол тийбестик укугунан ажыратуу боюнча түрдүү пикирлер орун алууда.

XS
SM
MD
LG