Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Апрель, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:34

КЭК шайлоого чакырат

БИШКЕК. Кыргызстан элдик кыймылы 28-июнда кайрылуу менен чыгып, анда атуулдарды 10-июлга белгиленген президенттик шайлоого активдүү катышууга чакырык айтылган. Элдик ыңкылапка каршы күчтөрдүн 17-июнда өкмөт үйүн басып алып, элдик бийликти кулатуу максаты ишке ашпай калгандан кийин, алар 10-июлга белгиленген шайлоону үзгүлтүккө учуратууга аракеттенүүдө. Бул үчүн шайлоого келбей коюу жана баарына каршы добуш берүү үгүтү жүргүзүлүүдө. Кыргызстан элдик кыймылы андай чагымга алдырбай, 10-июлда татыктуу президентти шайлап алууга элди үндөөдө.
XS
SM
MD
LG