Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Кыргызстандык атуулдар өз өлкөсүнө көмөктөшүүгө даяр


БИШКЕК. Кыргызстандын азыр Орусияда жүргөн атуулдары Кыргызстанда саясий кырдаал турукташпай, экономикалык абал кыйындап жаткандыгына кабатыр. Бул тууралуу 28-июнда «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында «Кыргыз биримдиги» аттуу региондор аралык коомдук уюмдун башкармасынын төрагасы Асылбек Муратбеков билдирип, кризистен чыгуунун жолдорун сунуштоого даяр экендиктерин жарыя кылды. Анын айтымында, Москвада иштеп жаткан кыргыз атуулдары Кыргызстандын экономикасына каражат жагынан салым кошуп, техника да алып берүүгө мүмкүнчүлүгү зор. Анын бири катары алар айыл чарба продукцияларын иштетүүчү кичи заводдорду курууну максат кылып жатышат. Мындай максаттарды ишке ашыруу үчүн кыргыз мигранттары Орусия менен Кыргызстандын ортосунда кош жарандыкты киргизип, паспорт менен камсыз кылуу көйгөйүн өкмөттүн тезинен чечүүсүн зарылдыгын белгилешет.

XS
SM
MD
LG