Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:54

«УУ ШИШЕ» ЖАРЫЛЫШЫ КЕРЕК БОЛЧУ, КОМИССИЯ ИШИН БҮТТҮ


Мындан эки ай илгери өкмөт башчынын буйругу менен түзүлгөн мамлекеттик комиссия ишин аягына чыгарды. Анын маалыматына караганда, бийликтин бир колго топтолушунан өлкө жабыркады. 17-июнда Бишкекте башаламандык уюштургандардын жаңы планы табылды. Анда кимдер кандай милдеттерди аткара тургандыгы, иштин баасы, эмнелерди жасоо керектиги алдын-ала такталган.

«Мекеним – Кыргызстан» кыймылынын офисинен жаңы өкмөттү жаманатты кылуу, президент шайлоону кантип өткөрүү планын камтыган документ табылганын 28-июндагы «МСН» гезити жазып чыкты. Алдын-ала дыкат түзүлгөн планда кайсы бейөкмөт уюмга канча акча берилери так жазылган. Калк арасында укмуштуу миш-миштерди таратуу керектиги айтылган. «Уу салынган шише жарылышы керек. Шайлоо биздин сценарий боюнча өтүшү зарыл. Москвадан жардам суроо абзел. Башын айлантып, күчтү көрсөтүү учуру келди», деп белгиленет барктабасовчулардын планында. Жазылгандарды ишке ашырууга жүз миңдеген доллар акча жумшалары көрсөтүлгөн.

Гезиттин жаңы санында А.Акаевге, анын жакындарына тиешелүү мүлктү аныкточу өкмөттүк комиссиянын аткарылган иштер жөнүндөгү толук отчету жарыяланган. Бийликти бир кишинин колуна топтоп берүүнүн натыйжасында кыйла жылдар өлкөнүн экономикалык байлыгы менен финансы ресурстарына А.Акаев жакындары менен ээ чыгып, байлар менен кедейлердин ортосундагы ажырым күчөп, ишке жарамдуу калктын кыйласы чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болгон.

«Авторитардык режимдеги Куловдун тагдыры бүгүн Барктабасовдун башындабы?», деп суроо коет шейшемби күнкү «Кыргыз руху» гезитинде журналист Ж.Мамбетов.

«Акаевдик бийликтеги толгон-токой миллиондоп жеп жутарлардын эң кур дегенде бир-экөөнү камап жоопко тартып туруп анан Барктабасовго асылсаңар аз да болсо калыстык болор беле дейм да. Анткени Акаевдин үй-бүлө мүчөлөрүн эсепке албаганда да ошол эле К.Жумалиевдин, Б.Жанузаковдун, О.Ибраимовдун, Т.Касымовдун, Н.Танаевдин, А.Карыпкуловдун, Б.Талгарбековдун жанында У.Барктабасов ким болуп калыптыр?» деп жазат макала автору.

Шейшембидеги «Кыргыз туусу» гезитинде экс-президенттин уулу Айдар Акаевдин маеги жарыяланды. А.Акаевдин айтуусу боюнча, азырынча ага расмий түрдө айыптоолор коюла элек. «Козголгон иштердин бирине да менин тиешем жок», дейт. Экс-президенттин уулу “жагдайдын татаалдыгынан улам” ата-энеси менен чогуу туруп жатат.

Ушу тапта Кыргызстанда жарым миллион кишинин паспорту жок. Акаев бийлиги чече албаган көйгөйдүн оорчулугу бүгүнкү күнгө туш келүүдө, деп жазды шейшемби күнкү «Эркинтоо» гезити.

Каракече көмүр кенин казып аткандар күйбөгөн тоо тектерин көмүр деп элге сатып келишти, деп жазат инженер-геолог Жапар Кенчиев. Кенчилер өрөөндүн экологиясын бузуп, автожолдорду жараксыз кылышууда. Ушул эле Жумгал районунан жазуучу Канболот Бердикеев «Жумгалда жашоо жакшы эмес» деген макаласында аракечтик менен сойкулукка коррупцияга каршы күрөшкөндөй күрөш ачуу керек дейт.

28-июндагы «Слово Кыргызстана» гезитинде Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын окумуштууларынын каты жарыяланган. Азыркы учурдун илимий изилдөөлөрү менен илимий мектептердин академиялык системасын бузбаш керек. Эларалык кадыр-барк тапкан илимдер академиясы сакталып калыш керек, деп жазышат окумуштуулар.

Улуттар уюмунун Качкындар маселеси боюнча улук комиссарынын орунбасары Камел Моржан Өзбекстандан келген качкындар жайгашкан лагерде болуп, Оштогу убактылуу кармоо жайында турган 29 качкындын кайтарылып берилбешине кепилдик бере албастыгын билдирди, деп маалымдайт шейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити.
XS
SM
MD
LG