Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:39

КАЧКЫНДАР КИЙИНКИ ТАГДЫРЫНА КАБАТЫР


Жалалабаттагы өзбек бозгундарынын алдында бир топ маселелер турат. БУУнун Качкындар боюнча Башкы комиссариатынын Кыргызстан бозгундардын коопсуздугун анча камсыздай албагандыктан аларды үчүнчү өлкөгө өткөрүү аракеттери көрүлөрүн жарыялагандан кийин бозгундар мындан аркы тагдырын ойлоно баштады.

Улуттар уюмунун Качкындар боюнча Башкы комиссариатынын белгиси бар ак желеги илинген бозгундар лагеринде 426 өзбек жараны калды, алардын он жетиси бала, жетимиш алтысы аял. Бозгундар мындан аркы тагдырына кабатыр. Качкан макамынын берүү, бербөө оюн ачык айтпай жаткан Кыргызстан укугун коргойбу, бийлик Өзбекстанда качан алмашат, Качкындар комиссариаты издеп жаткан үчүнчү мамлекетке баруу керекпи, же жокпу?- деген түмөн суроолор аларды түйшөлтүүдө.

Үй-бүлөсү Анжиянда калган бозгундардын бири абал жакшырса мекенине кайтууга ниеттенет:

- Өзбекстанда жакшы өзгөрүш болсо кайтабыз. Башка жака барууга ниетибиз жок.

Аты-жөнүн атоодон чочулаган дагы бир өзбек жараны качкын макамы чечиле электигине кабатыр:

- Азырынча качкын макамы бериле элек, берилгенден кийин ойлонуп көрөбүз.

Анжияндагы митингден кийин күйөөсү менен Кыргызстанга өтө качкан келин лагерде Өзбекстандагы бийлик алмашкыча кала берерин айтты:

- Өзбекстандагы саясий түзүлүш өзгөргүчө ушул жерде жашай берүүнү Кудайдан тилейбиз. Биздин башка ылаажыбыз да жок.

Ал эми башка бир бозгун аялдын пикири боюнча күчтүү армиясы бар кошунасынан чочулаган Кыргызстан бозгундардын укугун коргой албаса өзбек жарандары үчүнчү мамлекетке кетүүгө аргасыз болот:

- Чет мамлекеттер бизди сурап, Кыргызстан укугубузду коргой албаса башка өлкөгө кетүүбүз мүмкүн. Албетте Өзбекстандын армиясы күчтүү, бир отряды эле биздин үнүбүздү өчүрүп кетиши ыктымал.

Акыйкатчынын облустагы өкүлү Алима Аманова бозгундар өз тагдырын өзү чечет деп эсептейт:

- Качкын деген статус алгандан кийин булар өздөрүнүн тагдырын өздөрү чечет. Бозгундар Кыргызстанда калат, же өздөрүнүн ыктыяры менен Кыргызстандан башка үчүнчү мамлекетке кетип калышы мүмкүн. Булардын тагдыры өздөрүнүн колунда, ошондуктан өздөрү гана чечет.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG