Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:52

ПАСПОРТ КӨЙГӨЙҮ УЗАККА СОЗУЛЧУДАЙ


Бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда паспорт маселеси толугу менен чечиле элек. Жаңы паспорттун киргизилиши чет өлкөдө окуп жүрүшкөн уул-кыздарга жана чет жакка чыгууну каалагандарга кедергисин тийгизип жатат. Ушул тапта кыргыз өкмөтү менен паспортторду даярдоо боюнча тендерди утуп алган молдовалык “Регистру“ фирмасынын ортосунда талаш-тартыш болууда.

Кыргызстанда 1994-жылы чыккан паспорттор түгөнгөндүгүнөн улам жаңы жасалгадагы паспорт чыгаруу чечими мурдагы өкмөт тарабынан кабыл алынган. Паспортторду жасоо боюнча тендер 2004-жылдын жаз айында өтүп, аны Молдованын “Регистру” деп аталаган фирмасы утуп алган. Мурдагы өкмөт болсо элди жаңы паспорт менен быйыл январдан тартып камсыз кылабыз деген убада берген.

Бирок ал сөз убада бойдон гана калды. Паспорт маселесинин чечилбей жатышы чет жакка чыгууну каалагандарга, ишкерлерге жана студенттерге өз залакасын тийгизүүдө.

Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев жана дагы 3 депутат Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюумунун парламенттер аралык ассамблеясынын Американын Вашингтон шаарында өтө турган жыйынына барбай калышкандыктарына 2004-жылдагы жаңы паспортунун жоктугу себеп болду.

Өлкөдөгү паспорт маселеси тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дооронбек Садырбаев мындай пикирде:

- Бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө паспорт маселеси чечилбей жаткандыгы - бул биздин мамлекетибизде тартиптин жоктугун көргөзүп турат. Мурдатан молдавиялык фирма менен болобу, англиялык фирма менен болобу жаңы паспорттун үлгүсүн бекитип, бул фирмаларга мынча акча которуп беребиз деп ачык айтышы керек эле. Эми мына биздин депутаттар Америкага бара албай калышты. Албетте бул мурунку бийликтин кемчилиги. Эми жаңы бийлик деле ушул маселени чече албай жаткандыгы жаңы бийликтин чабалдыгынын бир белгиси болуп турат.

Молдовалык “Регистру” фирмасынын өкүлү Василий Киртоканын маалыматына караганда, аталган ишкана 2005-жылдын 19-февралынан тартып Кыргызстандын 19 миң 354 жалпы атуулдук паспортун чыгарган, бирок кыргыз өкмөтү бул жумушка бир да сом төлөп берген эмес. Ошондой эле Василий Киртока кыргыз тарап келишимде жазылган айрым макулдашууларды аткарбаганын айтты:

- Мен ушул жылдын май айында келгенимде келишим аткарылбай жатканын көрдүм. Ошого байланыштуу мен өкмөттүк комиссиянын төрагасы Медетбек Керимкуловго документтерди жибердим. Ал документте мен тез арада паспортторду кайра чыгара баштайлы, жалпы атуулдук паспортторду 360 сом, ал эми Кыргызстандын жаранынын паспортун 65 сом болсун деген сунуш менен кайрылгам. Ошондой эле мен чыгымдарды жана биз жасаган иштин акысын төлөп берүү үчүн атайын комиссияны түзүү боюнча сунушумду айткам. Азыр биз 1 жылдык мөөнөттөгү паспортторду жогоруда айтып кеткен баада сунуш кылып жатабыз. Ал эми 5 жылдык паспорттордун баасы 78 евро болсун деген сунуш менен кайрылганбыз.

Кыргызстан тараптан элди паспорт менен камсыз кылууга жооптуу болгон Маалымат ресурстары жана технологиялар боюнча мамлекеттик агенттиктин аппарат жетекчиси Марат Султаналиев “Регистру” фирмасы паспорттордун баасын жөнү жок жогорулаткан деп эсептейт. Ошондон улам 24-марттан кийин бийликке келген өкмөт паспорт чыгарууга заказ берүү боюнча келишимге кол коюудан баш тарткан:

- Молдованын өкүлдөрү Кыргызстанда 2-3 күндөн бери жүрүшөт. Алар бизге бир нече сунуштарын айтып жатышат, бирок алардын берген сунуштары бизге ылайыктуу эмес. Биздин атуулдар паспортторду мындай баада алууга мүмкүнчүлүгү жок.

Маалымат ресурстары жана технологиялар боюнча мамлекеттик агенттиктин аппарат жетекчиси Марат Султаналиевдин мындай пикирине “Регистру” фирмасынын Кыргызстандагы оператору “Интеллинкс” уюмунун өкүлү Таалайбек Жумадылов буларды айтты:

- Биздин фирма келишимдеги бардык макулдашууларды аткарып келген. Эгерде Кыргызстанда биз улуттук маалымат түйүнүн түзсөк, ошондо паспорттун баасы 78 евро болмок. Ал эми кыргыз өкмөтү келеишмдин мөөнөтүн узартуудан баш тартса биз Лондондун арбитраждык сотуна 20 милллион евро суммасындагы доо арызыбызды жөнөтөбүз.

XS
SM
MD
LG