Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:14

Талас шаарынын бюджети коомдук угууга коюлду


ТАЛАС. 35 миңдин тегерегинде калкы бар Талас шаарынын 2006-жылга жергиликтүү бюджетин коомдук угуу өткөрүлдү. Ага шаардык Кеңештин депутаттары, Урбан институтунун адистери, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышышты. Алгач аймактык жамаатар да түзүлүп, андан кийин мэриянын бюджет комиссиясында такталган соң, 2006-жылдын бюджеттинин киреше бөлүгү 32 млн. 652 миң сом, чыгаша бөлүгү да ушул эле суммада бекитилди. Ошентип 2006-жылдын 1-январынан баштап жергиликтүү бюджет райондук жана облустук каржы органдарынын катышуусу жок эле тескеле турган багыт алынды. Ортодогу эки тепкичи жок бюджетти эми ар бир айыл өкмөтү да түзө алат. Жергиликтүү бюджетти түзүүгө коомчулукту кеңири катыштыруу жана эл талкуусуна коюу эми Бакайата районунун айыл өкмөттөрүндө өткөрүлүүсү күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG