Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:12

Жогорку сотто Бермет Акаеванын арызы каралышы күтүлүүдө


30-июнда Жогорку сотто депутаттык мандатынан Биринчи май райондук соту тарабынан ажыратылган экс-президенттин кызы Бермет Акаеванын доо арызынын каралышы күтүлүүдө. Ошондой эле Жогорку сот Кабай Карабековдун БШКга каршы берген доо арызын ушул эле күнү карайт. Арызда «БШК округдук комиссиянын Безбородованы депутаттык мандаттан ажыратуу жөнүндөгү чечимин көңүлгө албай койду» деп кинеленген. Карабековдун ишенимдүү адамы, экс-депутат Бакыт Керимбековдун айытымында, Свердлов райондук соту бир тараптуу Ольга Безбородованын пайдасына чечип койгон. Керимбеков анын парламенттик шайлоо алдындагы үгүт иштеринде мыйзам бузууларга барганын сот көңүлгө албай койгондугун белгиледи.

XS
SM
MD
LG