Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:40

Газа тилкесиндеги жөөт кыштактары жабык аскердик мейкиндик болуп жарыяланды


Израилдин аскердик жетекчилигинин билдиргенине караганда, Газа тилкесиндеги жөөт кыштактары жабык аскердик мейкиндик болуп жарыяланды. Аскерилердин айтымында, мындай чара ал чөлкөмдөргө ультраулутучул маанайдагы жөөт көчмөндөрүн киргизбөө үчүн көрүлдү. Улутчул жөөттөр Газадагы жана Батыш Жээктеги жөөт кыштактарды башка жакка көчүрүүгө каршы чыгып жатышат.

Кечээ түштөн кийин Израиль полициясы Газа тилкесиндеги мейманканага жайгашып алган кепке келбес улутчул жөөттөрдү күч менен биротоло сүрүп чыгарды.

Мындан тышкары Израиль Ливан өкмөтүн түштүк тараптагы чек араларын бекемдөөгө жана жакшылап кайтарууга чакырды. Израиль аскер баштыгынын кайрылуусунда, Ливандын түштүгүндө жайгашкан экстремисттердин аракеттери үчүн Ливан бийлиги жооптуу экендиги айтылган.

Израилдин аскер башчысы Шарли Файнгольд бул тууралуу төмөнкүчө билдирди:

-Биз Ливандан келип жатышкан “Хезболлах” тобунун террордук аракеттерине чыдабайбыз. Ошондой эле бизде бул топтун жоочулары Израилдин аймагына кирген деген маалымат бар. Биз аларды жок кылабыз.

Кечээ “Хезболлах” тобунун жоочулары Шебаа аймагындагы Израилдин блокпостуна чабуул жасашкан. Натыйжада бир аскер өлүп, үчөө жарадар болушту. Израиль ошол эле күнү буга жооп кылып, жакынкы айылдарга абадан жана артиллериядан сокку урду.

XS
SM
MD
LG