Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:15

Нарындыктар жалдама пикетчилерге каршы


НАРЫН. Мындай пикирлерин алар 1-июлда Нарын шаарында “Эл аралык толерантуулук үчүн” коомдук фонду уюштурган тегерек столдо билдиришти. “Стабилдүүлүк өнүгүүнүн өбөлгөсү” деп аталган тегерек столго облустук бийликтин, массалык маалымат каражаттарынын, күч структураларынын, бей өкмөт уюмдарынын өкүлдөрү чакырылган. Анда милиция менен элдин ортосундагы мамилелер, массалык конфликти болтурбоо боюнча пикир алышышты. Ага президенттик администрациясынын коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн эксперти Дөөлөт Нусупов катышты. Чогулгандар милиция кызматкерлерин жарандык коом менен өнөктөш иштөөгө чакырышып, алдыдагы президенттик жана башка шайлоо учурунда саясий кырдаалдын дестабилдештирүүсүн алдын алууга багытташты. Жеке адамдардын кызыкчылыгы үчүн иштеген жалданма пикетчилерди айыпташты.

XS
SM
MD
LG