Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:34

Укук коргоочулар менен жаштар уюмдары өкмөткө кайрылышты


БИШКЕК. Укук коргоочулардын, жаштар уюмдарынын 30 өкүлү Анжиян окуясында ооп келген бозгундардын тагдырын чечүүдө кыргыз өкмөтүн эл аралык нормаларды сактоого чакырды. Мындай кайрылууну жаштардын «Бирге» уюму 1-июлда таратты. Кайрылууда бозгундардын ичинен 29 адамды Өзбекстанга өткөрүп берүү коркунучу турат деп айтылат. Ошондуктан, бул багытта иш алып барууда кыргыз өкмөтү качкындарды кайтарып бербөө принцибин, эл аралык жана жергиликтүү мыйзамдарды бекем сакташы, өзбекстандык атайын кызматкерлердин Кыргызстан аймагына кирүү аракеттерине бөгөт коюушу, укук коргоочулар менен журналисттердин лагерге киришине жол ачышы, ар кандай чагымчылыкты болтурбоо иштерин жүргүзүшү зарыл деп эсептейт. Расмий маалыматтарда Анжиян окуясында ооп келген өзбекстандыктардын 29у Ош шаарында убактылуу жайда кармалып тургандыгы айтылууда.

XS
SM
MD
LG