Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:53

Өлкөдө курч кырдаал байкалбайт


БИШКЕК. Кыргызстанда 10-июлда боло турган президенттик шайлоого терс таасир эте турган саясий курч кырдаал түзүлгөн жери жок. Шайлоо системасынын эл аралык фонду менен «Толеранттуулук үчүн» бейөкмөт уюму бир апталык сурамжылоонун негизинде ушундай тыянакка келди. Бул тууралуу 1-июлда тараптар уюштурган маалымат жыйынында кабарланды. Шайлоо системасынын Эл аралык фонду менен «Толеранттуулук үчүн» бейөкмөт уюму шайлоо өнөктүгүнүн учурундагы чыр-чатактарды алдын алуу жана аларды чечүүгө көмөктөшүү максатында жаңы долбоорду ишке киргизди. Бул долбоорду БУУнун өнүгүү программасы менен ЕККУ колдоого алды.

XS
SM
MD
LG