Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:56

ШААРДЫК КЕҢЕШ ЧИНОВНИКТЕРДИН ҮЙҮН КАЙТАРУУНУ КӨЗДӨӨДӨ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Бишкек шаардык кеңеши мамлекеттик кызматта иштеп келген 16 адамга кайрылып, шаардык бюджеттин эсебинен алынган үйлөрүн кайтарып берүүнү суранышты. Ал тизмеде Эсен Топоев, Болот Жанузаков, Ильяс Бекболотов өңдүү мурдагы мамлекеттик чиновниктер, спикер жана башка кызматкерлер бар. Бул адамдарга үй берүү жөнүндө жазуу түрүндөгү көрсөтмөнү мэрияга экс- президент өзү же өкмөт башчысы берген.

Бишкек шаардык кеңеши жума күнкү сессиясында бул 16 адамга кайрылуу кабыл алды. Анда 2000- жылдан 2005- жылга чейин президенттин жана өкмөт башчынын жазуу түрүндөгү көрсөтмөсү менен шаардык бюджеттин акчасына алган үйлөрдү кайтарып берүү өтүнүчү жазылган. Шаардык кеңештин депутаттары бюджеттин эсебинен үй алган маданий ишмерлерге, академиктерге, үч эм жана эгиз төрөгөн энелерге тийишкен жок. Алардын арасында республикалык жогорку рангдагы он алты адам турак-жайга муктаждыгы жок болсо дагы, бюджетти эңшерип кымбат квартиараларды алган деген чечимге келишти. Бул кайрылуу басма сөз каражаттарына жарыяланмакчы.

Бул тууралуу шаар кеңеш төрайымы Нуржамал Байболова мындай дейт:

- Мамлекеттик кызматта жүргөн атактуу адамдар бюджеттин эсебинен үй алышкан. Алардын турмуш жагдайы кандай экени коомчулукка белгилүү. Депутаттар ушул маселени көтөрүп, бюджетке каражатты кайтаруу маселесин көтөрүп жатышат. Бүгүн сесияда алардын аты- жөнүн гезит беттерине жарыялоо чечими кабыл алынды.

Нуржмал Байболованын айтымында, шаардык кеңештин бюджетинен бул квартиралар үчүн миллиондогон сом корогон менен, алардын менчиктештирилишинен 600 сом гана бюджетке түшкөн:

- Бул деген муниципалдык менчик да. Бишкек мэриясында менчиктештирүү боюнча өзүнүн уюму турса дагы, бул менчиктештирүүлөрдү “Турак-жай” деген жоопкерчилиги чектелген коом жүргүзгөн. Ушул 16 квартиара 10 миллион сомдон ашык каражатка алынса, алардын менчиктештирилишинен бюджетке 600 сом түшүптүр.

Ошол убакта шаардык кеңешти башкарган Зоотбек Кыдыралиев бул квартиралардын айрымдарына өзү да кол коюп бергенин мойнуна алат. Себеби Аскар Акаевдин көрсөтмөсү болгон дейт:

- Үй берүү жөнүндө кагаздар мэрге түшчү. Мэр мени менен кээде кеңешчү. Бул кватриалардын айрымдарына мен да кол койгом. Себеби аларга карата президенттин түздөн түз көрсөтмөсү бар болчу.

Шаардык кеңешке квартирасын кайтарып берчү адамдардын тизмесинде мурдагы министр Эсен Топоев, экс- спикерлер Алтай Бөрүбаев, Абдыганы Эркебаев, мурдагы минитср Турсунбек Бекболотов, анын баласы, президент маалымат катчысы болуп иштеген Ильяс Бекболотов жана Аскарбек Мамеев, Болот Жанузаков бар.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Союзбек Салиев бул адамдар үстүндө үйү жок адамдар беле дейт. Анын пикиринде, бул жолу акыйкаттык кылбаса, мындай бюджеттин акчасын өз кызыкчылыгына пайдалануу улана бермекчи.

Шаардык кеңештин мурдагы чакырылышынын депутаты Абдыгул Чотбаев бул адамдардын уяты болсо өз эрки менен кайтарып берет деп билдирди. Анын айтымында, үйдү берип жатканда шаар башчысы шаардык кеңештин депутаттары менен кеңешкен эмес. Бул токтомдорго мэр менен спикер кол коюп келген.

Тизмедегилердин бири Болот Жанузаков «Азаттыкка» бул үйдүн жарым баасын өзү төлөгөндүктөн кайтарып бербестигин билдирди:

- Ушунча жылдан бери мамлекеттик кызматта жүрсөм, эмнеге мэрия үй алып бербеши керек. Канчалаган жылдар бою кайрылып, күтүп жүрүп алгам. Мен кайтарып бербейм.

Бишкек шаарынын мэри Аскар Салымбеков азыр да өкмөт үйүнөн ушундай мазмундагы каттар түшүп жатканын, бирок мындан кийин депутаттардын макулдугусуз бир да үй берилбестигин айтты:
Депутаттар сессияда бул үйлөрдөн кайтарылган каражат жол оңдогонго, мектептерди ремонттогонго жана башка социалдык чыгымдарга жумшалат деп чечишти. Бирок депутаттардын бул акча кайтарылаарына деле үмүттөрү аз.

Спикер Нуржамал Байболова жок дегенде шаардык бюджеттин каражатын мындан ары сактап калууга негиз болот деген үмүттө:

- Коомчулукка жарыя кылып, жок дегенде уяткаралы деп жатабыз. Мындан кийин салык төлөөчүлөрдүн эсебинен жең ичинен үй алуу токтосун. Атактуу академиктерге, акындарга, көп балалуу аялдарга унчуга албайбыз. Татыктуу адамдар алышсын. Ал эми ансыз да бир эмес, бир нече үйү бар чиновниктер кызмат абалынан пайдаланган болбойт да. Шаардын бюджети ачык- айкын болушу үчүн күрөшүп жатабыз.

XS
SM
MD
LG