Кечээ аскердик тартип киргизилип, жабык аймак деп жарыяланган Газа тилкеси бүгүн ачылды. Израил аскер башчылыгы тилкени аймакка ашынган улутчул жөөттөрдү киргизбөө максатында жапкандыгын айткан. Израил өкмөтүнүн чечими боюнча, Газа тилкесинен жөөттөрдү көчүрүп кетүүгө ашынган улутчул жөөттөр катуу каршы чыгып, аскерлер менен алардын ортосунда кагылышуулар болгон.
Дүйнөлүк cоңку кабарларды Прагадан Айнура Жекше кызы даярдады
Дүйнөлүк cоңку кабарларды Прагадан Айнура Жекше кызы даярдады