АКШ Конгрессинин Хельсинки комиссиясынын 29-июнда өткөн жыйынында комиссиянын төрагасы сенатор Сэм Браунбек - Анжиян окуяларына эл аралык иликтөө салууга президент Ислам Каримов дагы макул болот деп үмүттөнгөнүн билдирди.
Өзбекстандан келген журналист Галима Бухарбаеванын айтымында, 13-май күнү ал Анжияндын Бабур аянтында өзү болгон жана кыргынды өз көзү менен көргөн. Элге каршы ок атылаардын алдында өкмөттүк аскерлер эч кандай эскертүү жасаган эмес, чогулган эл болсо аянтка өз эрки менен келген, алардын колунда эч курал жок болчу. Аскерлердин аткан бир огу Бухарбаеванын аркасындагы рюкзакты капталынан тешип өткөн жана журналист аз жерден өлүп кала жаздаган.
"Хюман райтс вотч" уюмунун аткаруучу деректири Холи Картнердин айтымында, куралсыз жарандарга каршы ок атуу менен өзбек бийлиги адам укуктарын одоно түрдө бузду. Жыйында сүйлөгөн Лондон шаарындагы Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институнун кабарчысы Маркус Бенсмандын айтымында, окуялар тууралуу лондондук илимпоз Ширин Акинер жазган көлөмдүү отчетто көптөгөн ката бар жана ал өкмөттүк көз карашты чагылдырат.
Конгресстеги жыйындан кийин "Эрк" партиясынын төрагасы Мухамед Салих 30-июнда "Азаттык" үналгысынын Вашингтон шаарындагы кеңсесине да келип, журналисттер менен жолукту жана анын айтымында, өзбек оппозициясы Батыштан көптү деле сураган жок, алардын бирден бир гана суранычы - оппозицияга мыйзамдуу түрдө аракеттенүүгө уруксат алууга көмөктөшүү:
- Биз Батыштан көптү деле сураган жокпуз. Биздин сураганыбыз - саясий партиялардын Өзбекстанда ачык аракеттенишине Батыш көмөктөшсө, оппозиция жетекчилеринин Өзбекстандын өзүндө иштешине жардамдашса, өлкөдө адилеттүү шайлоо өткөрүлсө, ага оппозиция катышса жана Өзбекстанда эркин басма сөз болсо. Ушунун өзү эле азыркы анти-демократиялык режимди бийликтен кетирүүгө жетиштүү болор эле.
Салихтин айтымында, акыркы күндөрдө бир топ оппозициялык партия менен кыймыл биригип, Бириккен өзбек демократиялык коалициясы түзүлдү жана анын төрагалыгына Салих шайланды. АКШда ал конгрессмен Илэна Рос-Летинен, таасирдүү бейөкмөт уюмдардын жетекчилери жана өкмөт мүчөлөрү менен дагы жолукту.
АКШ мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Мэттью Бризанын айтымында болсо, америкалык жетекчиликтин өзбек оппозициясына өзгөчө жардам көрсөтүүгө планы жок:
- Биз бүткүл өзбек эли менен - өкмөт менен дагы, саясий оппозиция менен дагы, алардын ортосундагы адамдар менен дагы кызматташуудабыз. Бүткүл кеңири Жакынкы Чыгыштагыдай эле, биз бүткүл коом менен иштешүүгө уптулуудабыз, ал биздин туруктуу кызыкчылыгыбыз жана Өзбекстанга карата биздин мамиле өзгөчө деп айтуу туура эмес болот. Жөн гана биздин кызматташууга азыр дүйнөдө көбүрөөк көңүл бурула баштады.
Аны менен катар АКШ жетекчилиги Анжиян окуялары эл аралык деңгээлде иликтенип чыгууга тийиш деген пикирде, бирок ал кыргын менен байланыштуу өзбек өкмөтүнө каршы азырынча катуу чара көрүлө тургандыгы жөнүндө да билдире элек.