Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:17

КАЧКЫНДАР ӨЗБЕКСТАНДАГЫ ТУРМУШКА НААРАЗЫ


Жалалабатта убактылуу баш калкалаган бозгундар Өзбекстандагы социалдык-экономикалык абалга нааразы. Алардын пикиринде, Анжиянда жумушка орношуу кыйын, иш жоктугунан балдарга жөлөк пул төлөнбөйт, жумушсуздар көп, эмгек акы аз.

Кыргызстанда убактылуу баш пааналап турган өзбек бозгундары өз өлкөсүндөгү жашоо-турмушка нааразы. Анвар аттуу бозгундун баасы боюнча алган маяна күндөлүк керектөөгө туура келбейт:

- Анжиянда бир үй бүлөнү багууга 100 миң сум керек, мен болгону 20 миң сум алам, мынча акча менен мен кантип балдарымдын алдында аталык милдетимди аткарган болом, урук-тууган, кошуна-колоң менен кантип мамиле жасайм?

Өзбекстан «кылмышкер» - деп эсептеген эки агасы 29 адам менен Оштогу СИЗОдо жатканына кайгырган аял иш жоктугунан үй-бүлөсү менен карыган энесинин пенсиясына жашаарын билдирди:

- 12 жылдан бери ишсиз жүргөм. Күйөөм, эки балам 60 жаштагы энемдин пенсиясына күн көрөбүз. Пул берсең, ишке алышат. Кара жумуш да жок иштегенге. Балдардын китебин сатып алалбайбыз, алар мектепке барса барат, болбосо жок.

Изатхан аттуу келиндин айтымында иштебеген соң, балдарга жөлөк пул да төлөнбөйт. Митингге жашоонун кыйндыгынан чыккан:

- Өкмөт «иштеген жериңден, күйөөңдүн иш мекемесинен справка алып кел» дешет. Иш болбосо, ал справканы кайдан алат элем? Эрим да өзүм да иши жок калгам. Завод-фабрика болбосо. Жөлөк пул бергиле деп айыл комитетине, аялдар кеңешине жана акимчиликке барсам да, жыйынтык болбоду.


Өзбекстанда кырдаал тынч, жашоо жакшы экендигин коңшу мамлекеттин үналгы-сыналгылары байма бай кабарлоодо. Мындай маалыматтарга ишенген жалалабаттык Узакбай Маматкуловдун баасы боюнча президент И.Каримовдун жүргүзгөн саясаты туура:

- Азыр теледен, радиодон чыгып сүйлөгөдөрдөн улам Өзбекстанда элдин көңүлү көтөрүңкү, жакшы маанайда жүрүшкөнү байкалат. Каримов туура эле кылып атат деп ойлойм. Эгер элдин турмушу ушунчалык начарлап кеткен болсо, Өзбекстандын башка жактарынан дагы элдер көтөрүлүп, нааразычылыктар айтылат эле го.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG