Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:06

Укук коргоочулар өзбек бозгундарынын абалына тынчсызданууда


ЖАЛАЛАБАТ. 14-майда Анжиян митингинен кийин облустун аймагына качып келген өзбек бозгундарын облустун аймагында көпкө кармап турууга болбойт. Аларга качкын макамын берип үчүнчү мамлекетке жиберүү маселесин тезирек чеччүү керек. Мындай маалымат облустагы адам укугун коргоочу “Акыйкаттык” уюмунан алынды. Бул уюм бозгундардын тагдырына танчсызданып жатат. Анткени бозгун туугандарын Анжиянга кайтууга көндүрүүгө келген өзбек жарандарынын арасында дайыма өзбекстандык коопсуздук кызматтарынын өкүлдөрү жүргөндүгүн бозгундар билдиришкен жана лагерде мониторинг жүргүзүп келаткан укук коргоочулар өздөрү да бир нече ирет байкашкан. Бозгундар мекенине кайтарып кетүүгө келген маале комитеттери менен журналисттердин атына жамынган коопсуздук адистерин облустун аймагына өткөрбөөнү өтүнүшкөн.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG