Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:42

Кыргыз-Тажик чегинде дагы чыр чыкты


БАТКЕН. 2-июлда Баткен районунун Тажикстанга чектеш Аксай айыл өкмөтүнө Чекдөбө конушунун тургундары менен кошуна тажик айылынын жашочуларынын ортосунда жер талаштан улам дагы чыр чыкты. Облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев ушул эле күну мындай талаштуу жерлер облус боюнча көп экенин, мунун үстүнөн чек ара маселелерин тактоо боюнча депутаттык комиссия менен өлкөнүн делимитация жана демаркация комиссиясы иштеп жатканын билдирди. Акыркы күндөрдө Чек дөбөдө жашаган кыргыз үй-бүлөлөрү коопсуздугун сактоо максатында кечкисин үй жайын таштап, кошуна айылдагы туугандарынын үйлөрүнө барып түнөшүүдө. Ошол эле учурда Чекдөбөгө жанаша жерде жашап жаткан тажик атуулдары бул жер илгертеден бери эч кимге таандык эмес экендигин, аймактын картасын көрсөтүп, жер кимге тиешелүү экенин далилдөөнү талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG