Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:06

Кыргызстандагы ыңкылапка АКШнын тиешеси барбы?


БИШКЕК. Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаев 30-июнда “Ассошиэйтед пресс” агенттигине берген интервьюсунда “мени бийликтен кулатуу планы АКШ тарабынан даярдалды”,- деп айтканына карата коомчулук өкүлдөрү сын-пикирлерин билдиришүүдө. 170тен ашуун бейөкмөт уюмдар курамына кирген «Демокартия жана атуулдук коом үчүн» Коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов буга байланыштуу 2-июлда «Азаттыкка» мындай пикирин айтты:

- Аскар Акаев өзүнүн жоопкерчилигинен качып, 24-марттагы окуяга АКШнын тиешеси бар деген пикирин айтып жатат. Азыр эми ал Орусияда жашап жатат, ошондуктан, Орусияга ыктагандыгы үчүн АКШ аны жактырган эмес деген да көз карашын билдириптир. АКШга карата минтип айтканы туура эмес.

Ал эми президенттин администрациясынын мурдагы жетекчисинин орун басары Болот Жанузаков ушул эле күнү «Азаттыкка» 24-марттагы окуянын орун алышына эл аралык уюмдардын да таасири болгон деген көз карашын билдирди.

XS
SM
MD
LG