Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:44

“Көзгө көрүнгүс цунамиге” каршы күрөш боюнча эл арлык конференция өттү


Жапониянын Кобэ шаарында Азия мамлекеттериндеги СПИД оорусуна каршы күрөшүү боюнча эл аралык конференция өтүп жатат. Улуттар уюмунун маалыматына ылайык, дүйнө боюнча ВИЧ вирусуна чалдыккандардын саны 40 миллион болсо, анын ичинен 8 миллион адам Азияда жашайт. Уюмдун өкүлү Питер Пайот эгерде жакынкы жылдарда чечкиндүү аракеттер көрүлбөсө, СПИДке чалдыккандардын саны Азияда эле 5 жылдын ичинде 12 миллионго жетиши мүмкүндүгүн айтты.

Улуттар уюмунун ишениминде, Азияда СПИДдин таркалышынын алдын алууга болот. Бирок байкоочулардын айтымында, азиялык мамлекеттердин өкмөттөрү оорунун таркалышына себеп болуп жаткан тармактардан баш тартышы татаал. Бул – секс индустрия жана баңги заттар.

XS
SM
MD
LG