Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:53

Британия козголоңчуларды кыйноолорго кабатыр


Британиянын «Обсервер» басылмасы Ирактын коопсуздук органдары колго түшүрүлгөн козголоңчуларга ырайымсыздык менен мамиле кылууда деп жазып чыкты.Улуу Британиянын өкмөтү Ирактын коопсуздук органдары колго түшүрүлгөн козголоңчуларды суракка алганда кыйноо ыкмаларын колдонуп жатат деген маалыматтарга абдан тынчсызданганын билдирди. Британиянын коргоо министрлигинин басма сөз өкүлү мындай маалымат апрель айында түшкөнүн, бул тууралуу Ирак өкмөтүнө айтылганын кошумчалады. Багдад андай фактыларга байланыштуу иликтөө жүргүзүп жатат. «Обсервер» басылмасы болсо каза болгон адабатчылардын сүрөттөрү жана медициналык текшерүүнүн жыйнытыктары бар экенин жазып чыкты. Аларда согушкерлер деп шектелгендер муунтуу, денесин күйгүзүү жана башка кыйноолорго дуушар болушканы айкын көрүнөт дейт «Обсервер».

XS
SM
MD
LG