Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:49

Темир жолчулар ачкачылык акциясын улантууда


БИШКЕК. Кыргыз темир жол башкармалыгынын жетекчисин алмаштырууну талап кылган темир жолчулар 4-июлда ачкачылыгын улантышты. Алардын өкүлү Эрнис Докеновдун билдиргенине караганда, акциядагылардын абалына дарыгерлерден башка эч ким кызыкдар болгон жери жок. Ал эми нааразы тарап талаптары аткарылмайынча ачкачылыкты токтотпой тургандыгын, алар жана алардын тарапкерлери президенттик шайлоого барбай тургандыгын билдиришүүдө. Мындан мурда уюштурулган алгачкы акциянын натыйжасында президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев темир жол башкармалыгынын жетекчиси Нариман Түлеевди кызматтан алып, анын ордуна экс-депутат Кыдыкбек Исаевди койгон. Бирок нааразы темир жолчулар тармакты билген адис керек деп талап кылышууда. Акция 27 күн мурун 16 кишинин катышуусунда башталган. 4-июлда бул акцияга 6 киши чыкты.

XS
SM
MD
LG