Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:47

КАЗАКСТАН-КЫТАЙ: СТРАТЕГИЯЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК


Бүгүн Астанада Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана Кытайдын мамлекет башчысы Ху Цзинтао стратегиялык кызматташтык жөнүндөгү декларацияга кол коюшту. Шейшембиде болсо Цзиантао башка лидерлер менен кошо Шанхай Кызматташтык уюмунун саммитине катышат.

Жолугушуудан кийин өткөн биргелешкен пресс-конференцияда Цзинтао документке тарыхый деген баа берди. Назарбаев болсо бул келишим “кылымдарга мерчемделген документ” деп комментариялады:

- Бул жолку сүйлөшүүлөр салттуу жылуу жана достук маанайда өттү. Биз стратегиялык кызматташуунун азыркы абалын жана келечегин, соода-экономикалык, гуманитардык тармактагы алакаларыбыздын проблемаларын талкууладык. Ошондой эле бир катар эларалык маселелер тууралуу ой бөлүштүк.

Цзинтао казак лидери менен сүйлөшүүлөр натыйжалуу болду дейт:

- Эки тарап тең БУУ, Шанхай кызматташтык уюму өңдүү эларалык структуралар аркылуу кызматташуусун уланта берүүгө даяр.

Казак мунайын Кытайга жеткирүү үчүн эки өлкө 988 километрлик куур куруп жатат. Долбоор 700 миллион долларга бааланууда. Назарбаевдин айтымында, курулуш быйыл декабрдын 16сында бүткөрүлмөкчү.

Мунай Кытай менен Казакстан ортосундагы экономикалык кызматташуунун негизги бөлүгүн түзөт, - дешет байкоочулар. Ошол эле мезгилде кээ бир казакстандык аналитиктер Кытайдын демографиялык экспансиясы Казакстанга кооп туудурат деп чочулашат.

Назарбаев менен Цзинтао бардыгы болуп 8 келишимге кол коюшту. Алардын бирине ылайык, Кытайдын батышы менен Каспийди байланыштырган трансказакстандык темир жол салуу мүмкүнчүлгү каралмакчы.

Андан тышкары маданий тармактагы бир катар багытты камтыган документке да кол коюлду:

- Кытайда Казак жумуриятынын маданий борборун ачуу, бизде болсо Конфуций университетин негиздөө тууралуу макулдаштык, - деди Назарбаев.

Башында айтылгандай, эки өлкөнүн жетекчилери стратегиялык кызматташтык жөнүндөгү декларацияга кол коюшту. Документте Казакстан Тайванды Кытайдын бир бөлүгү деп эсептейт жана Тайвандын эгемендүүлүгүнө каршы деп жазылган. Президенттер өткөргөн пресс-конференцияда бул тууралуу бир да сөз айтылган жок. Баса, Цзиантаону бул сапарында 63 журналист коштоп келген. Бирок маалымат жыйынында казакстандык жана кытайылк журналисттерге суроо салууга мүмкүнчүлүк берилген жок, - деп билдирди “Азаттыктын” Астанадагы кабарчысы Бауржан Шаяхмет.

XS
SM
MD
LG