Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

Америкалык космос кемесинен атылган ракета кометага тийди


Америкалык "Дим Импакт" деп аталган космос кемесинен учурулган ракета бүгүн "Темпел- 1" кометасына сокку урду. Салмагы 372 киллограммды түзгөн ракета көлөмү бир чоң шаардын аймагындай келген кометага саатына 37 миң чакырым ылдамдыкта барып урулган. Ракета менен комета Жерден 134 миллион чакырым алыстыкта кагылышкан. Эми ушул кагылыштын негизинде топтолгон маалыматтар окумуштуулар ошол кометанын өзөгүндөгү заттар жана жалпы эле Күн системасы жөнүндө көбүрөөк билүүсүнө жардам берет деген ишеним бар.

XS
SM
MD
LG