Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:06

Жалалабатта шайлоого карата жыйын болду


ЖАЛАЛАБАТ. Кеңешмеде 10-июлда президенттик шайлоо болоорун билбеген жарандар жана айрым айыл өкмөттөрү шайлоочулардын тизмесин оңдоп жатканы, тоо айылдарында көрнөк тасмалар илинбегени айтылды. Калкты шайлоого барбоого жана бардык талапкерлерге каршы добуш берүүгө чакырган үчүнчү күчтүн өкүлдөрү бар экени жана облустук мекемелердин жер-жерлерге бөлүнгөн жетекчилери шайлоо участкаларынын ишине кийлигишпөөсү эскертилди. Провокациялык түрдүү аракеттерге жол бербөө жана шайлоого жарандардын башка облустардан арбын катышуусу үчүн түшүндүрүү ишин күчөтүү ойлору козголду. Облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурмамат Ашымов участкалык 385 шайлоо участкасы түзүлгөндүгүн жана эл аралык байкоочулар бир айдан бери көзөмөл жүргүзүп, 4 миллион 732 миң сом акча шайлоо участкаларынын эсебине которулганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG