Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:27

2012-ЖЫЛКЫ ОЛИМПИАДАНЫ ӨТКӨРҮҮГӨ КАЙСЫ ШААР ТАТЫКТУУ?


Шаршембиде жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 8ге жакындаганда Сингапурдун Конгресс борборунда Эларалык Олимпиада комитетинин төрагасы Жан Рогг добуштардын жыйынтыгы салынган конвертти ачып, бир гана сүйлөмдү айтат. Аны спорттун миллиондогон күйөрмандары чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Ошентип, дээрлик эки жылдан бери өз ара таймашып келаткан Мадрид, Москва, Париж, Лондон же Нью-Йорк 2012-жылкы Олимпиада оюндарынын кожоюну деп аталат.

Эки жылдан бери 5 шаар ортосунда спортсмендердин атаандаштыгынан кем калбаган күрөш болуп жатат. “Акыркы таймга” катышуу үчүн Сингапурга Франциянын президенти Жак Ширак, Британ премьери Тони Блэр, каныке Анна жана футболист Давид Бэкхем, Испаниянын канышасы София, премьер-министр Хосе Родригес Сапатеро, Нью-Йорктун мэри Майкл Бруумберг, даңазалуу боксер Мухамед Али, демократ сенатор Хиллари Клинтон, Россиянын премьер-министри Михаил Фрадков, Москванын мэри Юрий Лужков учуп барышты. Алар Эл аралык Олимпиада комитетинин 116 мүчөсүн өздөрүнүн шаарлары үчүн добуш берүүгө көндүрүгө аракеттенишүүдө.

Уюштуруучулардын болжолунда, эртеңки добуш берүүнү чагылдыруу үчүн Сингапурга 2 миңден ашуун журналист келди. Ошентип алардын бардыгы жана дүйнө жүзү боюнча миилиондонгон спорт ышкыбозу Олимпиада комитетинин чечимин зарыгып күтүшүүдө

Олимпиада комитетинин атайын комиссиясы ар бир талапкер-шаарды кыдырып чыгып, 6-июнда отчетун жарыялаган. Текшерүүчүлөрдүн отчетунан Париж фаворит экени айкын байкалууда. Андан кийин Лондон жайгашкан, Нью-Йорк менен Мадрид ылдыйыраак, ал эми Москва жарыштын куйругунда келатат.

Франциянын баш калаасы буга чейин 2 жолу, 1900 жана 1924-жылы Олимпиада оюндарын кабыл алаган. Отчетто Париж катышуучуларды жана конокторду жайгаштыруу үчүн мыкты шарттарга ээ, метро менен поезд байланышынын мүмкүнчүлүгү жана сапаты да жогору белгиленет. Франция сунуш эткен бюджет дагы кылдат даярдалган жана мыкты сунуш этилген, - делинет отчетто. Айтмакчы анын көлөмү 2,65 миллион долларды түзөт.

Британ өкмөт башчысы Тони Блэр Сингапурдагы пресс-конференцияда өз шаары үчүн үгүттөп мындай деп ишендирди:

- Бактыбызка жараша Лондон тандалып калса, биз Олимпиада өтө турган бир нече жума гана эмес, келечек муундарга, түбөлүккө кызмат өтөй турган инфраструктура курабыз. Биз өлкөбүзгө гана эмес, Олимпиада кыймылына чоң салым кошо алабыз.

Нью-Йорк болсо аутсайдерлердин арасында аталып жүргөнү менен америкалык делегация божомолдорго моюн сунбай, акыркыга чеийн күрөшүүгө даяр экенин далилдеди:

- Биз мыкты заявка жасадык. Коюлган талаптардын бардыгын аткардык деп ишенебиз. Мэр жана айткандай спорт залдарыбыз эң мыкты болот. Бирок сиз тереңирээк ойлонуп, Олимпиаданын маңызына кайсы шаар жакшыраак жооп берээрин чечишиңер керек. Нью-Йоркто Олимпиада бир да жолу өтө элек, - деп үндөдү АКШнын мурдагы биринчи айымы, сенатор Хиллари Клинтон.

Бирок комитеттин мүчөлөрү өздөрү айткандай, алар бир бүтүмгө келише элек. Бул жагынан алганда, добуш берүүнүн алдындагы 45 мүнөттүк презентацияга чоң маани берилет.

Жашыруун добуш берүүгө талапкер өлкөлөрдүн өкүлдөрү жана Олимпиада комитетинин төрагасы катышышпайт. Дагы бир мүчө, болгариялык Иван Славков андай укугунан ажыратылган. Бир дагы кандидат добуштардын көпчүлүгүн ала албаса, экинчи айлампа өткөрүлөт. Бирок эң аз добуш алган эки талапкер жарыштан таптакыр чыгып калат.

“Мен буга чейин мындай таймашты көргөн эмесмин”, - дейт Эл аралык Олимпиада комитетинин 1977-жылдан берки мүчөсү австралиялык Кеван Госпер.
XS
SM
MD
LG