Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:20

АФРИКАДАГЫ ТУРМУШТУ ОҢДОО МАСЕЛЕСИ КӨП КЫРДУУ БОЛУУГА ТИЙИШ


Нарын АЙЫП, Прага Эң өнүккөн мамлекеттердин Шотландияда июлдун башында өткөн бийик жолугушуусунда Африка мамлекеттерине жардам көрсөтүү маселеси каралган менен кошо дүйнө коомчулугу жана эл аралык маалымат каражаттарында Африкадагы абал кызуу талкуулана баштады. Кээ бир эксперттердин пикиринде, жарды өлкөлөргө жардам көрсөтүү иши көп кырдуу болууга тийиш жана өнүккөн мамлекеттер жөн гана жардам көрсөтүүдөн кеңири саясат жүргүзүш керек .

5-июлда "Файненшл таймс" гезитинде Бириккен Улуттардын Баш катчысынын орун басары Ибрагим Гамбари менен АКШнын Колумбия университетинин профессору Ягдиш Бхагватинин Африкадагы абал тууралуу макаласы жарыяланды. Алардын айтымында, жарды мамлекеттердин өнүккөн өлкөлөргө болгон карызын кечүү туура, бирок андан тышкары дагы бир топ башка аракет көрүлүүгө тийиш, антпегенде карызыбыз баары бир кыскартылат деген мамлекетер эч качан чыныгы өнүгүү жолуна түшө албай да калышы мүмкүн.

Биринчиден, реформаларды ийгиликтүү өткөргөн өлкөлөрдүн карыздары гана эмес, анте албаган мамлекеттердин карыздары дагы кыскартылууга тийиш. Реформа жүргүзбөгөн өлкөлөрдүн карызы кечирилбесе, алардын элин эзген диктаторлордон мурда карапайым эл гана кошумча жапа чегет.

Экинчиден, аларга көрсөтүлө турган жардам жөн гана азыркы көлөмдөн эки эсеге көбөйтүлбөстөн, аны мүмкүн болушунча эң пайдалуу колдонуу ыкмалары иштелип чыкканы жакшы.

Үчүнчүдөн, Африка мамлекеттерине бөлүнгөн жардам Африканын өзүндө гана эмес, башка мамлекеттерде да пайдаланылууга тийиш. Мисал үчүн өнүккөн өлкөлөрдөгү адистерди жалдап, алардын Африкага барып иштеп, жергиликтүү калкты окутуп-иштетүүсүнө каражат бөлүнүүгө тийиш.

Төртүнчүдөн, Африка өлкөлөрүнүн ортосундагы соода тоскоолдуктары жумшартылып, андан башка да мыйзамдар өзгөртүлүп, көп тараптуу кызматташууга ыңгайлуу шарттар түзүлүш керек. Андай тоскоолдуктар бир өлкөнүн ичинде да болот жана натыйжада ал мамлекеттин экспорттук мүмкүнчүлүктөрү дээрлик жокко чыгат.

Жана бешинчиден, өнүгүп келе жаткан мамлекеттерде жеке менчик мүлк боюнча мыйзамдар иштелип чыгып, ишке киргизилип, андай мүлктү коргоо кайтарылгыс нукка түшүрүлгөнү жакшы. Макала авторлорунун айтымында, мындай ишти жүзөгө ашыруу үчүн жөн гана жардам эмес, саясий эрк талаптуу.

1-июлдан тартып Европа Биримдигине төрагалык кыла баштаган Улуу Британия болсо Африка өлкөлөрүнө жардам көрсөтүү ишин өзүнүн төрагалык саясатынын негизги бөлүктөрүнүн бири кыла турганын жарыялады. Премьер-министр Тони Блэрдин айтымында, андай саясат үч бөлүктөн турмакчы:

- Биримдиктин өнүгүү багыты, анын кеңейүүсү жана аны каржылоо маселелери тууралуу талкуулар уюштурулат. Тышкы саясатты алганда болсо, негизги багыттар - Африка, аба ырайынын өзгөрүшү жана Жакынкы Чыгыш болот.

Ошол эле учурда, өнүккөн өлкөлөрдүн кедей мамлекеттерге көрсөткөн жардамы менен кошо аларга дүйнөдө улам жайылып бараткан глобалдашуунун кесепети да тийип жатканы тууралуу маселелер көтүрүлүүдө. Өнүккөн өлкөлөрдүн айыл чарба кызматкерлерине көрсөтүлгөн мамлекеттик көмөк - дүйнөнүн жарды мамлекеттерине бөлүнүп жардамга барабар, ошондуктан бул өлкөлөрдөгү абалды оңдоо үчүн жөнөкөй жардамдан тышкары да чаралар көрүлүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG