Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

Аба ырайы


БИШКЕК. Метеорология борборунун шашылыш билдирүүсүнө караганда, 7- июлдан 10-июлга чейин температурасынын ысышына жана кардын ээришине байланыштуу республиканын дарыяларында суулардын деңгээли көтөрүлүшү күтүлүүдө.

7-июлда Кыргызстандын аймагы боюнча күн ачык болот.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +19...+24, күндүз +34...+39 градус ысык.
Талас жергесинде түнкүсүн +15...+20, күндүз +33...+38 градус.
Жалалабат, Ош, Баткен аймактарында түнкүсүн +20...+25, күндүз +35 градустан +40 градуска чейин ысыйт.
Нарында түнкүсүн +10...+15 градус жылуу, күндүз +28...+33 градус ысык.
Ысыккөл ойдуңунда түнкүсүн +13...+18, күндүз +25...+30 градус.
Бишкекте түнкүсүн +22...+24, күндүз +37...+39 градус ысык болот.
Кече Ысыккөлдө суунун жылуулугу 23 градусту түздү.

Кабарлар топтомун Азиза Турдуева, Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG