Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:38

Улуу Британиянын Кыргызстан менен Казакстандагы элчиси бозгундарынын абалы менен таанышты


ЖАЛАЛАБАТ. Президенттик шайлоо алдындагы кырдаал жана өзбек бозгундарынын абалына кызыккан Жеймс Шарп мырза 426 бозгун жашаган качкындар лагерине барды. Анжиян козголоңу эмне себептен чыккандыгын сураштырып, бозгундардын Өзбекстанда бийлик алмашмайын өз өлкөсүнө кайтууга ниеттери жоктугун жана качкын макамы качан чечилерине тынчсызданууларын укту. Бозгундар өзбек бийлиги атагандай «террорист, вахабий, сепаратист» эмес, жашоонун оордугунан өз укугун талашкан ишкерлер экендигин айтышты. Элчи журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп, бозгундар маселеси эл аралык келишимдерге жана Улутттар уюмунун Качкындар боюнча комиссиариатынын макулдашуусуна ылайык чечилерин маалымдады. Облустун губернатору менен баарлашып, мунай иштетүүчү “Кыргыз петролиум компани” заводунун абалы менен да таанышты.

XS
SM
MD
LG