Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:24

Баткендиктер өзбек чек арачыларынын мыйзамсыз аракеттерине тушугууда


БАТКЕН. Шйшемби күнү кечки саат сегиздерде Баткендин Кыштут айылынан кайткан автобус Өзбекстандын Сох анклавына чектеш жерде өзбек чек арачыларынын көчмө бекетинде эки сааттан ашуун негизсиз кармалды. Өзбек чек арачылары үч-жети жаштагы үч жеткинчектин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жоктугуна шылтоолоп, акча талап кылышкан. Бул тууралуу Зүлпия аттуу жүргүнчү айым буларга токтолду:

- Беш жашар баланын метиркесин сурап жатат. Ошону тап болбосо алып калабыз дейт. Биз кантип таштайбыз балабызды? Миң сум бергиле, анан өтөсүңөр дейт. Ушунча акчага сатылганбы Кыргызстандын жолу!?

Өткөн жылкы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө кыргыз-өзбек чегиндеги кошумча бекеттерди алуу келишимине кол коюлган, бирок өзбек тарап аны аткарбай келет. Бул туралуу областтык акимчиликтин аппарат жетекчиси Адылбек Шадыманов мындай дейт:

- Таян айылындагы мобилдик пост тура эмес койулган. Бизде өзбек - кыргыз келишими бар. Өзбек чегарачылардын мамилеси туура эмес деп эсептейм. Буга биз чара көрөбүз.

XS
SM
MD
LG